Саламаттык сактоо министрлиги: УКМКнын башчысы Ташиевдин абалы канааттандырарлык

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Клоопко» Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев пневмонияга кабылганын билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, учурда УКМКнын башчысы Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда, абалы канааттандырарлык.

«Консилиум өткөрүлдү, УКМКнын башчысы зарыл болгон бардык дарылоодон өтүп жатат», — деп кошумчалашты министрликтен.

Ташиев пневмонияга кабылып ооруканага жаткырылганын 5-январга караган түнү өздүк булактарына таянып бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан.

УКМКнын башчысы 2020-жылдын жайында дагы пневмония менен ооруган болчу. Анда чиновник курч жана эки тараптуу пневмонияга кабылып, оор абалда ооруканага жаткырылганы айтылган.