Алматыдагы митингде «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчыларына белгисиз унаадан ок атылды

Алматы шаарынын акимчилигине чабуул учурунда. Сүрөт: ORDA.kz

«Азаттыктын» казак кызматынын жетекчиси Төрөкул Дооров «Настоящее время» каналына маек куруп, Алматыдагы митинг учурунда басылманын кабарчыларына ок атылганын билдирди.

Дооровдун айтымында, ок атуу Алматы шаарынын борбордук аянтында болгон. Митингчилер акимчиликтин имаратына чабуул коюп жаткан маалда белгисиз адамдар демонстранттарга жана журналисттерге ок чыгарышкан.

Маалыматка ылайык, куралчан адамдар номуру жок унаа менен келген жана ага чейин журналисттерди бутага алып, аңдып жүрүшкөн. «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы жана оператору окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн.

Буга чейин, 4-январда милиция Казакстандагы нааразылык акциясын чагылдырган «Азаттыктын» казак кызматынын эки журналистин кармаган. Милиция «Азаттыктын» Алматыдагы бюросунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Касым Аманжолду эки сааттай кармап, андан соң бошоткон.

Ал эми ошол эле күнү кечинде «Азаттыктын» редактору Дархан Омирбек дагы Нур-Султан шаарында кармалганы кабарланган. Кызматтык милдетин аткарып жатканын эскерткенине карабай, полиция аны автозакка түртүп киргизген, Дархан Омирбек ошол жерден түз эфирге чыккан.

Басылма Омирбекти кайда алып бара жатканы белгисиз экенин жазып, азырынча борбор калаадагы милиция департаментинен комментарий ала электигин кошумчалашкан болчу.

Казакстандагы митинг

Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканына төрт күн болду. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып жатат.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев башкарган Коопсуздук кеңешин Токаев өзү жетектей турганын айткан. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.