Бүткүл Казакстандын аймагында ӨА режими жарыяланды

Казакстандын бийлиги өлкөнүн бардык аймагына өзгөчө абал (ӨА) режимин киргизди.

Буга чейин ушундай эле режим Казакстандын борбору Нур-Султанга, Алматы шаарына жана эки облуска — Мангыстау менен Алматыга киргизилген болчу.

ӨА режими менен катар аталган аймактарда коменданттык саат жарыяланып, демонстрацияларга тыюу салынган.

Бийлик митингге чыккандарды таркатуу үчүн Алматы жана Нур-Султан шаарларына күч түзүмдөрүн жана аскердик техника киргизген.

5-январда күндүз нааразылык акциянын катышуучулары Алматы шаардык администрациясынын имаратын басып алган. Ал эми ЖМКларда митингчилер президент Касым-Жомарт Токаевдин Алматыдагы мамлекеттик резиденциясына жетип, ал жерде өрт чыкканы тууралуу кабарланган. Ошондой эле, Улуттук коопсуздук комитетинин Алматыдагы бөлүмү басып алынганы тууралуу билдирүүлөр пайда болгон.

5-январда кечке маал өлкө бийлиги интернетти өчүрдү — басылмалардын жана мамлекеттик органдардын сайттары иштебей калды. Айрым телеканалдар берүүлөрүн токтотту, алардын арасында акциянын басымдуу бөлүгүнө Нурсултан Назарбаевдин фонду ээлик кылган КТК каналы да бар.

Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканына төрт күн болду. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып жатат.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев башкарган Коопсуздук кеңешин Токаев өзү жетектей турганын айткан. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.