Бекешев: Казакстанга тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жиберүү — туура эмес

Депутат Дастан Бекешев 6-январда Жогорку Кеңеште өтчү чукул жыйынга чейин видеокайрылуу жарыялады. Анда эл өкүлү ЖККУнун чечимине ылайык, Кыргызстандан Казакстанга тынчтык ортонуу үчүн аскерлерди киргизүүгө каршы экенин билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөдө болуп жаткан окуялар алардын ички саясий көйгөйү жана алардын маселени өз алдынча чечүүгө кудурети жетет.

«Биздин тарыхта да 2010-жылы ушундай кырдаал болгон. Убакылуу өкмөт ЖККУга тынчтык орнотуу үчүн күчтөрдү жиберүүнү сурап кайрылган. Ошондо Орусия жана Казакстан андан баш тарткан. Тарых бул туура чечим болгонун көрсөттү», — деди Бекешев.

Ошондой эле ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин ЖККУга кайрылуусу «эмоционалдуу» мүнөздө болгонун белгилеп, «Кыргызстан кийлигишпеши керек» дейт.

«Биз экономикалык, гуманитардык жана башка маселелер боюнча жардам бере алабыз. Бирок коңшу өлкөгө тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү — рационалдуу эмес, туура эмес чечим», — деди Бекешев.

Токтобогон нааразылык акциялардын Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттерден жардам сурап кайрылган. Ал «террордук коркунучту жок кылууга» көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Кийинчерээк Армениянын премьер-министри, ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян уюмга мүчө мамлекеттер Казакстанга «тынчтык орнотуучу» күчтөрдү жиберет деп билдирген.

Казакстандын бүткүл аймагында өзгөчө абал режими жарыяланды. Ал арада Vlast.kz басылмасы Алматыга орус аскерлеринин биринчи борту конгонун жазды.

6-январда Жогорку Кеңеш коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу чукул жыйынга чогулду. Ал эми Ак үйдүн алдында Казакстанга Кыргызстандын аскерлерин жиберүүгө каршы митинг өтүп жатат. Чогулгандар өлкөнү ЖККУдан чыгарууну да талап кылышууда.