Дастан Догоев кызматынан бошотулду, анын ордуна Талантбек Имановдун талапкерлиги сунушталды

Дастан Догоев

Президент Садыр Жапаров санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевди кызматынан бошотту. Министрдин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалды.

Ошол эле учурда өлкө башчысы Имановдун талапкерлигин Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кабыл алды.

Талантбек Иманов 35 жашта. Ал «Дастан» аскерий-өндүрүштүк заводунда ар кандай кызматтарда иштеген. 2020-жылдын март айынан тартып компаниянын башкармалыгынын төрагасы болгон. Ушул эле жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоого «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынан талапкер болгон. Бирок массалык толкундоолордун шартында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Буга чейин Дастан Догоев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы кабарланган болчу. Бирок Догоев арыз жазганын тастыктаган да төгүндөгөн да эмес.

Догоевдин карьерасы

Дастан Догоев акыркы үч президенттин тушунда тең жетекчилик кызматтарды аркалады.

2017-жылы июнда Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда 30 жаштагы Догоевди Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кылып дайындаган. Ал мекеменин ошол кездеги башчысы Таирбек Сарпашевге кылмыш иши козголгондон кийин анын ордуна келген. Ошондо Догоевдин Кыргызстанда жана Улуу Британияда окуганы, андан кийин Германия техникалык кызматташтык коомунда, Мамлекеттик каттоо кызматында жана финансы министрлигинде иштегени айтылган.

2018-жылы февралда ал отставкага кеткен — ал эми жетектөөчү кызматты Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова ээлеген. Догоев Мамкаттоо тармагын бир жылга жетпеген убакыт жетектегенине карабай, жаңжалдын чордонунда калган — өкмөттүн серверлеринин биринде президенттик шайлоого таасир этүү аракети үчүн түзүлгөн мамлекеттик эмес сайт жайгашканы аныкталган.

Анда «Клооптун» иликтөөчүлөрү өкмөттүк серверлердин биринде мамлекеттик эмес samara.kg сайты жайгашканын ачыкташкан. Бул сайт президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясы менен байланыштуу болгон деп божомолдонгон. Шайлоодо Жээнбеков утуп чыккан. Samara.kg сайты аркылуу өлкө жарандарынын жеке маалыматтарына жеткилик алуу мүмкүн болгон.

Журналисттердин далилдерине, талапкердин штабындагы кызматкерлердин көрсөтмөлөрүнө карабай, Догоев өкмөттүк серверде «Самара» сайты болгонун жана Жээнбеков менен байланышын мойнуна алган эмес.

Мамкаттоо кызматы 48 саатка жетпеген убакытта ички иликтөө жүргүзүп, алардын серверинде эч качан samara.kg сайты болбогонун билдирген.

2018-жылы Догоев президент Жээнбековдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.

2019-жылы майдын башында Дастан Догоев президенттин кеңешчиси болуп турганда УКМК тарабынан суракка алынган. Догоев биометрикалык паспортторду сатып алуу боюнча иште күбө катары суралган. Ал электрондук жалпы жарандык паспортторду жасоо үчүн талаптар иштелип чыгып жатканда Мамкаттоо кызматын жетектеген.

Ошол эле жылдын май айында Сооронбай Жээнбеков Догоевди Мамлекеттик байланыш комитетинин башчылыгына дайындаган.

Ал эми 2020-жылдын июнунда Догоев жетекчилик кызматтан кеткен. Анын себебин АКШдагы Гарвард университетине окууга тапшырганы менен байланыштырган.

Анда Догоев Гарвард университетинин Жон Ф. Кеннеди атындагы мамлекеттик башкаруу институтунун бир жылдык магистратура программасына гранттык негизде өткөнү кабарланган.

Үстүбүздөгү жылдын 20-майында президент Садыр Жапаров Догоевди санариптик өнүктүрүү министри кылып дайындалган, бирок 13-октябрда президент аны ээлеген кызматынан бошоткон. Ал эми 26-октябрда Санариптик өнүктүрүү министрлиги Министрлер кабинетинин курамына кайрадан кошулуп, Догоев аны кайрадан жетектеп баштаган.