Көз айнек, селфи жана эл менен баарлашуу. Садыр Жапаров ГУМда соода кылды

6-январда президент Садыр Жапаров Бишкектеги «Чынар» универмагына барды. Мамлекет башчынын соода борборуна болгон иш сапарынын видеосу соода борбордун Instagram баракчасына жарыяланды.

Сатып алуучулар президент менен учурашып, суроолорду берип, сүйлөшүп, аны менен сүрөткө түшүп жатканын кадрлардан көрсө болот.

Социалдык тармактын колдонуучулары президент соода борборуна үй-бүлө мүчөлөрү менен келгенин айтышкан. Алардын айтымында, ГУМду кыдырып, бир нече бутиктерге кирип, алардын биринен өзүнө күндөн сактоочу көз айнек сатып алган.

Садыр Жапаровдун жансакчылары жарандардын президент менен баарлашуусуна тоскоол кылышкан жок. Шаар тургундары президенттин жанына келип аны Жаңы жылы менен куттукташты. Президент да аларга өз убактысын бөлгөн.

«Клооп» президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевден президенттин сапарынын чоо-жайын сурап кайрылды, бирок ал суроого жооп берген жок.

Садыр Жапаровдун соода борборуна барышы ача пикир жаратты — бүгүн парламент кезексиз жыйынга чогула турган болгон. Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттары талкуулай турган негизги маселе Кыргызстандын аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун чечимине ылайык Казакстанга жөнөтүлөбү же жокпу деген суроо коюлмак.

Өлкөдө уланып жаткан нааразылык акцияларынын фонунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-январда ЖККУга мүчө мамлекеттерге кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» колдоо көрсөтүүнү суранган. Ал мындай билдирүүнү өлкөдө интернет пайда боло баштагандан кийин жасады — казак бийлиги интернетти 5-январда дээрлик 7 саатка өчүрүп салган жана бул убакыт аралыгында өлкөдө эмне болгону белгисиз.

Токаев суюлтулган газдын баасын арзандатууну жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден кол тийбестикти алып салууну талап кылган демонстранттарды «террорчулар» деп атаган. Токаев ошондой эле митингчилерге карата «мүмкүн болушунча катаал мамиле жасай турганын» билдирген.

6-январда эле өлкө бийлиги митингдердин уюштуруучуларын «жоюу» үчүн «тазалоо» деп аталган иш-аракеттерди баштады. Алматы полициясы ондогон адамдар набыт болгонун айтып, аны «антитеррордук операция» деп атаган. Ошол эле учурда казак бийликтери набыт болгон демонстранттардын так санын айта элек. Анткен менен бийлик өлтүрүлгөн милиционерлердин так сандарын айтууда — азыр 13 өлтүрүлгөн тартип сакчы тууралуу белгилүү болду.

ЖККУнун Казакстандагы кампаниясына катышууга үч өлкө макулдугун билдирди — Армения (70 аскер), Тажикстан (200 аскер), Орусия (3000 аскер).