6-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЖККУнун Казакстанга «тынчтык орнотуучу күчтөрдү» жиберүү чечиминин алкагында кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү тууралуу пикирин билдирди.
Ал журналисттерге курган маегинде, кыргыз тарап Казакстандын мыйзамдуу бийлиги азыркы кырдаалдан чыгууга кудурети жетерине толук ишенимин билдирип келгенин» белгиледи.
«Биз мындай ишенимибизди Казакстандын өзүнүн улуттук мыйзамдарынын негизинде, бардык мүмкүн болгон уюмдардын уставынын негизинде, бир гана ЖККУ эмес, биз менен байланыштырган башка мүмкүн болгон уюмдарга чейин билдирдик. Мындан жакын стратегиялык өнөктөш жок. Андыктан, кошуна жана жакынкы боорбошубуз жардам сурап жатса, [баш тартууга]болбойт...», — деди ал.
Байсалов Кыргызстан аскерлерин кошуна өлкөгө киргизген күндө дагы, «так коюлган талап менен шартка ылайык, алар эч качан боордош элдин жарандары менен бет келишпей» турганын билдирди.
«Бул мамлекет башчынын чечими. [...] Эгер алар [аскерлер] жиберилсе, ал боюнча Конситуцияга ылайык, ачык-айкын шайлоодо кыргыз эли шайлаган Жогорку Кеңеш тарабынан чечим кабыл алынса, так коюлган талап жана шартка ылайык, алар эч качан биздин боордош элдин жарандары менен бет келишпейт. Эч качан», — дейт ал.
Байсалов Кыргызстандын казакстандыктардан өткөн жакын, боордош, бардык мамиле жагынан тыгыз байланышта болгон эл жок экенин кошумчалады. Ошондой эле, ал Минкабдын бардык курамы, мамлекет башчысы бардык кыргызстандыктардай, дүйнө элиндей эле сарсанаа болуп жатканын билдирди.
«Мен ишенимдүү түрдө айта алам, Министрлер кабинетинин бардык курамы, мамлекет башчыбыз, бүтүндөй дүйнө, аймак сыячтуу эле, биздин жүрөгүбүз кандай согуп аткан болсо, [алардыкы дагы] ошондой согуп жатат», — деди ал.
6-январда Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, ЖККУнун Казакстанга «тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү» жиберүү чечимин талкууламак. Бирок жыйында кворум чогулбай, талкуу болгон эмес. Бүгүн 7-январда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйыны өтүп жатат.
Ал арада Бишкекте активисттердин Ак үйдүн алдындагы митинги уланууда. Алар Кыргызстанды ЖККУнун курамынан чыгарууну талап кылып жатышат. Ошондой эле ЖККУнун бейпилдик орнотуучу армиясынын катарында кыргыз аскерлерин Казакстанга киргизүүгө каршы чыгышты.
Казакстандагы нааразычылык акциясы
Казакстандын бир катар шаарларында бир нече күндөн бери нааразылык акциялары өтүп жатат. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.
Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган.
Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.
Кийинчерээк Токаев Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылган. Ал өлкөдө «террордук топтор» башаламандык жаратууда деп эсептейт.
Ал эми Жамааттык коопсуздук келишим уюму Казакстанга «тынчтык орнотуучу» күчтөрдү жибере турганын билдирген. Армениянын премьер-министри, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы Никол Пашинян ЖККУнун күчтөрү «өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында» чектелген мөөнөткө киргизилерин кабарлаган.
Кыргызстанда болсо бир топ саясатчылар менен активисттер кыргыз бийлиги өз аскерлерин коңшу өлкөгө жибербеши керек деп эсептейт. Айрым активисттер Кыргызстан ЖККУнун курамынан чыгышы керектигин да талап кылышууда.