Феликс Кулов: ЖККУнун аскерий колдоосу карапайым калкка карата багытталбашы керек

Феликс Кулов

Саясатчы Феликс Кулов Жамааттык коопсуздук келишим уюму Казакстанга «жамааттык коопсуздук келишиминин алкагында» жардам бериши керек деп эсептейт. Ошол эле учурда ал аскерий колдоо «карапайым калкка жана башкаруу режимин коргоого эч убакта багытталбашы керектигин» белгиледи.

«Биз ЖККУга мүчөбүз, ошондуктан Казакстандын президентинин кайрылуусуна башка мүчөлөр менен бирге акыл калчап реакция жасашыбыз керек. Касым-Жомарт Токаев Казакстанга түз эле эл аларык террордук бандалар кол салганын билдирди жана аны агрессия акты деп атады», — деди Кулов.

5-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылган. Казак президенти өлкөдө «террордук топтор» башаламандык жаратууда деп эсептейт.

«Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге таянуу менен мен бүгүн Казакстанга бул террордук коркунучту жөнгө салууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ЖККУ мамлекеттеринин башчыларына кайрылдым. Чындыгында бул коркунуч эле эмес, мамлекеттин бүтүндүгүн талкалоо», — деген Токаев.

Аны менен катар, Токаев «террордук топтор» чет өлкөлөрдөн олуттуу даярдыктан өтүп келгенин белгилеп, өнөктөштөргө кайрылууну орундуу жана мезгилдин талабы деп эсептей турганын айтты.

Казакстандагы нааразылык акция

Сүрөт: Orda.Kz

Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканына төрт күн болду. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып жатат.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев башкарган Коопсуздук кеңешин Токаев өзү жетектей турганын айткан. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

Казакстандын Ички иштер министрлиги митингдер учурунда сегиз полиция кызматкери жана улуттук гвардиянын аскери каза болгонун кабарлаган. Ал эми 317ден ашуун күч орган кызматкери түрдүү жаракат алды.

Ал эми Алматы шаарынын коменданты Канат Таймерденов калаадагы башаламандыктарда 500дөн ашуун жарандарга кол салуу болгонун маалымдаган. Таймерденов жабыркагандардын 130у аялдар жана улгайган кишилер экенин белгилеген.