Казакстанда нааразылык акцияга катышкан кримтөбөл «Дикий Арман» кармалды

Казакстандын Алматы шаарында «Дикий Арман» каймана аты менен таанымал криминалдык төбөл Арман Жумагелдиев кармалды. Маалыматты Orda.kz басылмасына Терроризм менен күрөшүү боюнча башкы штабтан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, атайын операциянын жүрүшүндө Жумагелдиев менен бирге уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалган. Алардын жанынан төрт ок атуучу курал жана октор, ошондой эле атылбоочу курал жана брондолгон унаа табылган.

Жумагелдиев буга чейин Түркиядан Казакстанга кайтып, Инстаграм аркылуу демонстранттарга кайрылуу жолдогон. Ал «бул тынч митинг эмес, провокация экенин» айтып, митингчилерге «талаптарды так айтып, бийлик менен орток пикирге келүүгө» чакырган. Ошондой эле соцтармактарда «Дикий Арман» нааразычылык акцияга катышкан видеосу тараган.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 3 811 киши кармалды. Ошондой эле 26 киши жок кылынып, 26 жарадар болгону айтылды.

Казакстандын бир катар шаарларында бир нече күндөн бери нааразылык акциялары өтүп жатат. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Токаев Алматы шаарында, Мангыстау облусунда, кийинчерээк борбор калаа Нур-Султан жана Алматы облусунда 19-январга чейин өзгөчө абал киргизген. Кийинчерээк өзгөчө абал бүтүн Казакстандын аймагында жарыяланган.

Кийинчерээк Токаев Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылган. Ал өлкөдө «террордук топтор» башаламандык жаратууда деп эсептейт.

Ал эми Жамааттык коопсуздук келишим уюму Казакстанга «тынчтык орнотуучу» күчтөрдү жибере турганын билдирген. Армениянын премьер-министри, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы Никол Пашинян ЖККУнун күчтөрү «өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында» чектелген мөөнөткө киргизилерин кабарлаган.

Кыргызстан Казакстанга 150 аскер, 8 бронетехника жана 11 унаа жөнөтө турган болду.