«Унчукпай карап турган болбойт». Ташиев Казакстанга кыргыз аскерлери жиберилгени тууралуу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук барагында кыргыз аскерлери Казакстанга жиберилгени тууралуу билдирүү жасады. Ташиев Казакстандагы «кыйроону көрүп, жүрөгү ооруп жатканын» жазды.

«Биз дагы так ушундай башаламандыкты басып өттүк, анан кантип жай тургундарды талап-тоноого, өлтүрүүгө бармак элек. Четте унчукпай карап турган болбойт. Баары баштагы калыбына келгенден кийин гана өздөрү андан аркысын эптеп кетишет. А азыр көптөгөн аң сезимдүү жарандар тынчтыкты каалап турганда жардам беришибиз керек. Коңшу өлкө жардам сурап жатат, четте туруу туура келбейт, биз ошол аймактагы тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн аракет кылабыз», — деп жазды атайын кызматтын башчысы.

Ошондой эле Ташиев Кыргызстандын жарандары кабатыр болуп турганын «түшүнүп жатканын» айтып, учурда «тез жана ыкчам аракет кылуу керек» деп белгиледи. Мындан сырткары, ал кырдаалга байланыштуу дарылануу аяктабай туруп ооруканадан чыгууга аргасыз болгонун кошумчалады.

Буга чейин Камчыбек Ташиев пневмонияга кабылып, Республикалык инфекциялык оорулар ооруканасында дарыланып жатканы кабарланган.

Ташиев Жогорку Кеңештин 7-январдагы отурумунда Казакстанга 150 кыргыз аскери, 8 бронетехника жана 11 машине жөнөтүлөрүн билдирген. УКМК башчысы аскерлер мамлекеттик стратегиялык объектилерди коргоо үчүн баратканын айтты, бирок так кайсы имараттарды коргоого алышарын ачыктаган жок.

Ошол эле учурда Ташиев кыргыз аскерлери митингге чыккан жарандарга карата ок атпай турганын кошумчалаган.

Аталган маселе парламентте талкууланып жатканда бир катар депутаттар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин нааразылыкты «эл аралык террордук топ уюштурду» деп айткандарына далилдер барбы деген суроо узатышкан.

Буга УКМКнын башчысы Казакстанда мамлекеттик имараттардын өрттөлүп жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери каза таап жатканы «террористтик аракеттерге жатат» деди.

«Биз жалпы казак эли террорист деп эсептебейбиз. Боордош казак элибиз кыргыздар менен кылымдардан бери жанаша жашаган эл. Бирок ошолордун арасында деструктивдүү күчтөр кайсыл бир террордук аракеттерди кылгандыгы маалым. Ошондуктан ондогон мамлекеттик мекемелер өрттөлдү, ондогон укук коргоо органдарынын кызматкерлери каза болду. Мунун баары террористтик аракеттерге жатат. Мунун баарын бир ууч топ жасады», — деп түшүндүргөн ал.

Натыйжада Жогорку Кеңеш Казакстанга кыргыз аскерлерин жиберүүгө макулдугун берди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңеш макулдугун берди: Казакстанга 150 кыргыз аскери жөнөтүлөт