Сутка ичинде эки адам каза таап, илдет 193 адамга жукту

Өткөн суткада коронавирустан дагы эки адам каза тапты.

Вирус дагы 193 адамда тастыкталды, алардын ичинен 134ү Бишкекте.

  • Жалал-Абад облусу — 17;
  • Чүй облусу — 11;
  • Ош шаары — 9;
  • Ош облусу — 4;
  • Баткен облусу — 7;
  • Талас облусу — 6;
  • Ысык-Көл облусу — 4;
  • Нарын облусу — 1.

Оруканадан 55 адам айыгып чыкты, бирок 370 бейтап дагы деле дарыланып жатат.

Пандемия учурунда коронавирус жуктурагандардын жалпы саны 185 677 кишиге жетти, алардын ичинен 180 221 адам айыгып, 2 816сы көз жумду.

Өткөн суткада 742 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 282си биринчи дозасын алса, 460 адам экинчисин алды.