Эрлан Тургумбаев: 300дөй куралчан киши чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканда кармалды

Сүрөт: «ТАСС» басылмасы

Казакстандын аймагынан чыгып кетүүгө аракеттенген 300гө чукул куралчан киши кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ички иштер министри Эрлан Тургумбаев 9-январда маалымдады.

«Алардын жанынан ок атуучу курал, уурдалган баалуулуктар, анын ичинен уюлдук телефондор, казак жана чет өлкөлүк валютада ири суммадагы акчалар табылды», — деди ал.

Тургумбаев колго түшкөндөр Казакстандын чек арасынан унаа аркылуу жана жөө чыгып кетүүгө аракеттенгенин белгиледи.

Казакстандын ИИМинин маалыматына ылайык, 9-январга карата массалык башаламандыктарга катыштыгы бар делген шек менен 5 135 киши кармалган. Күч органдары жалпысынан 125 кылмыш ишин козгогон.

Коңшу өлкөнүн бийлиги 7-январдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы жети өткөрмө бекеттин бешөөсүн убактылуу жапкан. Буга Казакстандын «Бирдиктүү маалыматтык тутуму жарактан чыкканы» себеп болгону айтылган.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда Чүй облусундагы «Чалдыбар — Автожол» жана Талас облусундагы «Чоң-Капка — Автожол» пункттары «COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен» штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Казакстанда 10-январь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды