Токаев Казакстандагы окуяларды «мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети» деп атады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январда ЖККУнун онлайн-жыйынында сөз сүйлөп жатып, өлкөдөгү окуяларды Казакстандын тарыхындагы «эң оор кризис» деп атады.

«Үстүбүздөгү жылдын башынан берки бардык окуялар бир чынжырдын бөлүкчөлөрү, алар бирдиктүү кыйроо планына баш ийген жана ага даярдык көптөн бери жүрүп келген. Бул даярдык канча убакытка созулганын тергөө көрсөтөт, бир жыл, эки же үч жыл», — деди Токаев.

Токаевдин айтымында, деструктивдүү күчтөр буга чейин «өлкөдөгү стабилдүүлүккө доо кетирип, башаламандыктарды уюштурууга аракет кылышкан, бирок бул аракеттер басылган». Бирок ал башаламандыкты уюштургандар өз пландарынан баш тартпай «куралдуу даярдыкка өтүшкөнүн» кошумчалады. Казакстандын башчысы алар шылтоо катары бир катар аймактарда суюлтулган газдын баасына болгон элдин нааразычылыгын пайдаланышканын айтты.

«Митинггдер өттү, анын катышууулары өз талаптарын коюшту жана ал талаптар толук аткарылды. Газдын баасы тоңдурулду жана өкмөт отставкага кетти. Бирок Казакстанга каршы агрессиянын уюштуруучулары үчүн мунун мааниси жок болчу. Нааразычылык акцияларынын астында башаламандык толкуну пайда болду. Диний радикалдар, бандиттер, мородёрлор бир команда менен пайда болду», — деп билдирди Токаев.

Анын айтымында, «боевиктердин» негизги максаты «конституциялык түзүлүштү бузуп бийликти басып алуу» болгон. Токаев окуяларды «мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети» деп атады.

«Баардык кыймыл бирдиктүү борбордон координацияланган. Буга облустук бийликтердин, укук коргоо органдарынын, ТИЗО жана телеканал имараттарына бир убакта жасалган кол салуу дадил болуп бере алат», — деп билдирди Токаев.

Мындан тышкары Токаевдин айтымында, Алматыдагы президенттин резиденциясынын жанында «баевиктер» топтолгон. Токаев муну Казакстанга каршы башталган «террористтик согуш» деп эсептейт.

«Казакстандын күч түзүмдөрү кол салгандардын мизин кыска мөөнөттө кайтара алды. Тилекке каршы бул оор жоготуулар менен коштолду», — деп билдирди Токаев.

Анын айтымында, күч түзүмдөрүнүн 16 кызматкери каза таап, 1300дөн ашыгы жарадар болгон.

«Жоготуулар бар жана алардын арасында карапайым тургундар да бар. Алардын так саны азырынча такталып жатат», – деп кошумчалады Токаев.

Ошондой эле президенттин маалымат боюнча, Казакстанда 1 270 чарбалык субъекти жабыркап,100дөн ашык соода борбор жана банктар тонолгон, 500дөн ашык полиция унаасы өрттөлүп жабыркаган. Ошондой эле Токаев «боевиктер» түн ичинде моргдорго кол салып шериктеринин сөөгүн алып кетишкенин билдирди.

Өз сөзүндө Токаев өлкө бийлиги «тынч демонстранттарга каршы күрөшүп жатат» деген маалыматты четке какты.

«Бул чындыкка дал келбеген маалымат, биз демонстранттарга каршы эч качан куралдуу күч колдонгон эмеспиз жана колдонбойбуз. Муну билген кол салуунун уюштуруучулары агрессиянын бир нече толкунун уюштурушкан», — деди Казакстандын мамлекет башчысы.

Ошондой эле ал, Казакстанга каршы террордук агрессияны даярдоо жана өткөрүү боюнча дүйнө коомчулугуна кошумча далилдерди берүүгө убада кылды.

Тема боюнча:

Акылбек Жапаров президенттин ордуна ЖККУнун онлайн-отурумуна катышууда

АКШ Казакстандан эмне үчүн ЖККУдан аскерлер сураганын түшүндүрүүнү суранды