Акылбек Жапаров президенттин ордуна ЖККУнун онлайн-отурумуна катышууда

Акылбек Жапаров менен Садыр Жапаров. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук кеңешинин 10-январдагы кезексиз онлайн-отурумуна президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен катышууда.

ЖККУнун сессиясында Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндө маселелер талкууланып жатат.

Ал эми эртең менен президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканын кабарлаган. Билдирүүдө президент минкаб жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болору айтылган.

Казакстандагы нааразылык

Казакстандагы митинг. Сүрөт: vlast.kz

Коңшулаш Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүп кеткендигинен улам 2022-жылдын 2-январында Мангыстау облусунда митингдер башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошулган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Ал эми Жогорку Кеңеш 7-январдагы жабык отурумунда ЖККУнун чечимин карап чыгып Казакстанга кыргыз аскерлерин жиберүүгө макулдугун берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө 150 кыргыз аскери, 8 бронетехника жана 11 машине жөнөтүлөрүн билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Казакстандагы митинг учурунда күч органдарынын 18 кызматкери жана 26 «куралчан адам» каза болгон.

Ал эми расмий эмес маалыматтарда коңшу өлкөдөгү башаламандыктын кесепетинен 164 киши набыт болгону тууралуу кабарланган. Бирок бул маалыматты Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги четке каккан.

Буга чейин Казакстандын ички иштер министри Эрлан Тургумбаев коңшу өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө аракеттенген 300гө чукул куралчан киши кармалганын билдирген.

Тема боюнча:

Президент Садыр Жапаров кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкты