АКШ Казакстандан эмне үчүн ЖККУдан аскерлер сураганын түшүндүрүүнү суранды

АКШ Казакстандан өлкө бийлиги эмне үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирген өлкөлөрдөн тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтүүнү суранганын түшүндүрүп берүүнү суранды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 9-январда CNN телеканалынын эфиринде билдирди.

«Бизде алар [Казакстан] эмне үчүн Орусия башчы болгон бул уюмга кайрылууга аргасыз болду деген реалдуу суроолорубуз бар. Бул маселе боюнча түшүндүрмө берүүсүн өтүнөбүз. Бирок эң маанилүүсү — азыр бардыгы тынчтык жолу менен жана үнү угулушун каалагандардын укуктарын сыйлоо менен чечилиши керек», — деди ал.

Энтони Блинкен. Сүрөт: Wikimedia

Бул тууралуу Блинкен НАТОнун коргоо министрлеринин 7-январдагы онлайн жыйынында дагы айткан. Анда ал Казакстандын тынч митингчилеринин укугун бузбастан тартипти өз алдынча сактоого мүмкүнчүлүгү бар деген болчу.

«Аларга эмне үчүн сырттан жардам керек болгону түшүнүксүз, биз бул тууралуу кененирээк билүүгө аракет кылып жатабыз […] Жакынкы тарых бизге сабак болду — эгерде үйүңөрдө орустар бар болсо, кээде аларды кетирүү абдан кыйынга туруп калат», — деп белгилеген ал.

Ал эми Европа биримдигинин тышкы саясат кызматынын башчысмы Жозеп Боррель 8-январда Европа биримдиги Казакстанга жаңжылды жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Ал Орусияны жана ЖККУга кирген башка өлкөлөрдү Казакстандын көз карандысыздыгын сыйлоого чакырган.

«Тышкы аскерий жардам Казакстандын эгемендиги менен көз карандысыздыгын, анын ичинде бардык жарандардын негизги укуктарын сыйлашы керек», — деп белгилеген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Human Rights Watch Казакстанды эскертүүсүз ок атуу буйругунан баш тартууга чакырды

Касым-Жомарт Токаев: Кимде ким багынбаса — жок кылынат