Казакстанда кармалган музыкант Викрам Рузахунов Бишкекке алып келинди

Казакстандын Алматы шаарында митингге катышкан деген шек менен кармалган кыргызстандык джаз-музыкант, пианист Викрам Рузахунов Бишкекке келди.

Ал «Ак-Жол — автожол» өткөрмө бекети аркылуу өтүп, консулдук унаа менен «Жеңиш» аянтына жеткирилди. Ал жакта музыкант журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Рузахунов журналисттерге курган маегинде Казакстандагы болгон «жагдайдын курмандыгы болуп калганын» белгиледи.

«Жетисинде Алматы — Бишкек багытындагы Самсы айылында жайгашкан посттон мени аскерлер кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизишти. Ал жерде мага сылык мамиле кылышты — тамак, ысык чай беришти. Бардык адам мындай нерсенин курмандыгы болушу мүмкүн. Мен ушундай жагдайдын курмандыгы болуп калдым. Керек эмес учурда керек эмес жайда болуп калдым», — деди ал.

Ошондой эле Рузахунов чогуу кармалгандар «акча алып митингге катышканыңды айтсаң Кыргызстанга депортация кылышат» дегендиктен, өзүнө каршы «жалган» көрсөтмө бергенин айтты.

«Мен убактылуу кармоочу жайда чогуу отургандардан “Эгерде бирөөлөр акча сунуштап, Алматыга митингге катышуу максатында келгем деп билдирүү кылсаң дароо Бишкекке депортация кылат” дегенин уктум. Бул ушундай [Кыргызстанга кайтуунун] жолу болчу», — деди ал.

Ошондой эле, музыкант бети-башы көкала болгонун аны кармоо учурунда күч колдонулганы менен түшүндүрдү.

Буга чейин УКМКдан «Клоопко» Рузахунов бошотулганын билдирген. Ал эми Кыргызстандын коңшу өлкөдөгү элчиси Дастан Дүйшекеев Рузахунов менен дипломаттар жолукканын жана ага юридикалык жардам көрсөтүлүп жатканын айткан.

Рузахуновдун кармалышы

Викрам Рузахунов.

9-январда Казакстандык ЖМКларда «башаламандыктарга катышуу үчүн Кыргызстандан келген» делген кыргыз жарандын катышуусу менен тасма жарыяланган.

Анда кармалган киши аны менен «бейтааныш адамдар байланышка чыгып, митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге (17,5 миң сом) сунуштаганын» айткан.

Ал эми соцтармактардын колдонуучулары жана анын жакындары аталган киши кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузахунов болгонун айтып чыгышкан.

Бирок Казакстандын Ички иштер министрлиги кармалган кишинин аты «Закир Убуров» деп ишендирүүгө аракет кылган. Кийин Алматыда иштеп жүргөн Закир Юбуров аттуу кыргыз жараны кармалганы белгилүү болду. Анын жакындары Юбуров коңшу өлкөдө 1,5 жылдан бери соода кылып иштегенин айтып, 7-январда ал мекенине кайтып келе жатканда өткөрмө постунда кармалганын айтышкан.

Ал арада Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музакынттын туугандарына таянып, Рузахунов Алматы шаарында өтүүчү концерттик программаны алып баруу үчүн чакырылганын билдирген.

Ошондой эле, Рузахуновдун жакындары ал кыйноолорго кабылганын жана музыкант менен байланышка чыга албай жатышканын айтышкан. Алар Казакстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, музыкант Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестивалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн белгилешкен.

Мындан улам 9-январда Рузахуновун 50гө жакын тарапташы Бишкектеги казак элчилигинин алдына митингге чыккан. Алар Рузахуновду Бишкекке алып келүүнү талап кылышкан.

Рузахуновду колдоо митингине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келип журналисттердин жана чогулгандардын суроолоруна жооп берген. Ташиев Рузахунов буга чейин башаламандыктарга эч качан катышпаганын жана ага «террорист катары» айып тагуу туура эместигин билдирген.

«Биздин жарандар терроризмге айыпталып жаткан учурда, биз унчукпай отура албайбыз. Рузахунов террорист эмес. Аны сактап калуу үчүн кыргыз бийлиги бардык колдон келген аракетин жумшайт», — деген ал.

Мындан сырткары, УКМКнын төрагасы музыканттын кармалышы боюнча толук маалымат алуу үчүн тиешелүү иштер жүрүп жатканын кошумчалаган.

Ал эми президент Садыр Жапаров 9-январдын кечинде Фейсбук барагында кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузахунов тууралуу маалымат чыгары менен министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бергенин билдирген.

Тема боюнча:

Кыргызстандык пианисттин окуясы Казакстандын бийлигинин калпын ашкереледи

«Викрам террорист эмес». Рузакуновун тарапташтары казак элчилигинин алдына митингге чыгышты