Кыйноолорго каршы улуттук борбор Казакстанда кармалган кыргыздар боюнча БУУга кайрылат

10-январда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору Казакстанда кармалган кыргызстандыктарды коргоо боюнча Координациялык кеңештин чукул жыйынын өткөрдү.

Жыйындын аягында Улуттук борбор кыргызстандыктар кармалып жаткан эркинен ажыратуу жайларына мониторинг жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңеш жана минкабга кайрылууну чечти.

Ага Улуттук борбордун өкүлдөрү менен медкызматкерлерди кошууну суранышууда. Алар «Стамбул протоколунун» принциптерине ылайык, кыйноонун издерин документке түшүрүшмөкчү.

Мындан тышкары, Улуттук борбор кыргызстандыктардын кыйноодон жана ырайымсыз мамиледен эркин болуу укугун камсыз кылуу өтүнүчү менен БУУнун Кыйноолордун алдын алуу боюнча комитет тузүмүнө да кайрылууну пландаштырып жатат.

Кыргызстандыктардын кармалышы

Коңшулаш өлкөдө кыргызстандыктар кармалып жатканы тууралуу кабар казак бийлиги өлкөдө нааразычылык жана башаламандыктарды чет өлкөлөрдөн даярдыктан өткөн «террорчулар» уюштурду деген билдирүүсүнөн кийин айтыла баштады.

8-январда Казакстандын ИИМи башаламандык фактысы боюнча миңден ашык киши кармалганын, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар да бар экенин билдирген.

«Алматы облусунун айылдарынын биринде 100дөн ашык адам кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, кармалгандар коңшу өлкөнүн жарандары», — деп билдирди ведомство. Бирок кайсы мамлекет экени такталган эмес.

9-январда Кыргызстандын ТИМи Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу беш кыргызстандык кармалганын кабарлады.

Кийинчерээк Кыргызстандын ТИМи Шымкентте 38 кыргызстандык кармалганын тастыктаган. «Кылым Шамы» коомдук фондунун маалыматында, кыргызстандыктарды сабап, түндө коё беришкен, бирок алардын паспортторун тартып алып, айрымдарынан акча опузалашкан.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар «текшерүү иш чараларынын» алкагында кармалып, андан соң коё берилген. Анткен менен ведомство ур-токмокко алуу, паспортторун тартып алуу жана тоноо фактылары боюнча маалыматка комментарий берген эмес.

Бирок Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Шымкентте кармалган кыргызстандыктардын саны 38 эмес, 15 адам болгонун жана полиция алардан акча опуза кылбаганын билдирген.

Анын айтымында, кыргызстандыктарга карата протоколдор түзүлүп, ошол эле күнү коё берилген.

11-январда Алматыдагы башаламандыкка катышкан деп шектелип кармалган төрт кыргызстандык бошотулуп өлкөгө алып келинет.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Ариповдун айтымында, төрт кыргызстандыктын өздүгү такталган. Алар: (1990-жылы туулган) Закир Юбуров ,(1991) А.Хуров , (1987) И.Мачо жана (2001-жылы туулган) А.Жиншанло.

Ошондой эле Ариповдун айтымында, Алматыдан Бишкекке 150дөн ашуун кыргызстандык кайтып келе жатат. Башкы консул белгилегендей, мекенине кайтууну каалаган ар бир кыргызстандыкка дипломаттар тарабынан жардам берилген.

Жалпысынан 10-январга карата Казакстандагы башаламандыкта эки кыргызстандык каза тапканы белгилүү. Алардын бири Алматыда фитнес-тренер болуп иштеген 32-жаштагы Азиз Мусаев.

Викрам Рузахуновдун кармалышы

Буга чейин кыргызстандык джаз-пианисти Викрам Рузахуновдун кармалышы коомчулукта чоң резонанс жараткан.

9-январда Казакстандын «Хабар 24» мамлекеттик телеканалы «90 миң теңге үчүн (15 миң сом же 200 доллар) мородерлукка катышкан» кыргызстандык тууралуу сюжет көрсөткөн. Видеодогу адам ур-токмокко алынганы көрүнүп турат. Ал «митингге катышуу үчүн Кыргызстандан Казакстанга келгенин» мойнуна алган.

Телеканал кармалган жарандын аты-жөнүн айтпанганы менен жакындары, кесиптештери жана достору видеодогу Викрам Рузахунов экенин тастыкташкан.

Кийин Казакстандын ИИМи видеодогу адам Викрам Рузахунов эмес, Закир Убуров аттуу дагы бир кыргыз жараны экенине ынандырууга аракет кылган. Бирок Убуровдун бир тууган агасы Тахир Юбуров видеогу киши Закир эмес экенин айткан. Ал эми анын фамилиясы Убуров эмеас Юбуров экени белгилүү болгон.

Бирок анын айтымында, Закир Юбуров да кармалган жана анын жакындары кайда экенин билишпейт. Ал акыркы жолу 7-ноябрда жума намазга барганда байланышка чыккан. Намаздан кийин ал туугандарынын жанына, башкача айтканда, Кыргызстандын Чүй облусундагы Ивановка айылына келмек. Бирок ал жакындарына жетпей казак-кыргыз өткөрмө постунан кармалган.

Кыргызстандын жарандарынын кармалышына байланыштуу ТИМ Казакстанга нааразычылык нотасын жөнөткөн. 10-январда Викрам Рузахунов камактан бошотулган. Ал азыр Кыргызстанда.