Тажикстандын аймагынан кармалган Кыргызстандын жараны өлкөгө кайтарылды

Архивдик сүрөт. Сүрөт: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Тажикстандын аймагында кармалган Баткендин Лейлек районунун 30 жаштагы тургуну Р. Исмаилов мекенине кайтарылды. Бул тууралуу 11-январда УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Исмаилов 10-январда «Кулунду — Автожол» өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстанга алып келинди.

Ал тажикстандык күч түзүмдөрү тарабынан 2021-жылдын 1-ноябрында Лейлектин Арка — Борбордук жолунан кармалганы маалым болду.

2021-жылдын 27-ноябрында тажик тарап Кыргызстандын үч жаранын кайтарып берген. Алардын бири 1-ноябрда кармалса, эки аял 12-ноябрда кармалган болчу.

Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктар

Өткөн жылдын 17-сентябрында Тажикстандын күч органдары Жийделик айылынын төрт тургунун кармап кеткен. Алар: Саидахмед Артиков, Нооман Самадов, Турсунали Ташанов жана Аскар Ахмедов. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарынын кармалышына эмне себеп болгону «белгисиз» экенин маалымдаган.

Көп өтпөй Тажикстандын Башкы прокуратурасы Артиков ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Ал арада Артиковдун туугандары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышып, анын аялы жолдошу кыйноолордго кабылганын билдирген.

«Менин жолдошумду айыл башчысы кылып Жийделик айлынын тургундары шайлаган. Ага чейин тажик тарап Кыргызстандын жарандарын кармап кеткенде, менин жолдошум аларды бошотууга жардам берип келген. Тажикстандын атайын кызматы аны 16-сентябрда, үйдө олтурган жеринен алып кеткен. Ошол бойдон 40 күн көрсөтүшкөн жок», — деп айтып берген ал.

Митингчилерге минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолуккан. Ал маалыматты ыйгарым укуктуу органдарга жеткирип, кыргызстандык жарандарды бошотууга колдоо көрсөтүүнү убадалаган.

Ал эми Акыйкатчынын аппараты 11-ноябрда Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозодага кайрылып, Кыргызстандын жарандарынын укугу бузуулусуна жол бербөөнү өтүнгөн.

21-октябрда болсо Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын 24 жаштагы жараны Айдарбек Хайдаровду «мыйзамсыз чек араны кесип өткөнү» үчүн кармап кетишкен. Ал атасы жашаган Тажикистандын Пахтакор районунун аймагынан кармалган.