Чек ара кызматы: Тажикстан үч кыргыз жаранын өткөрүп берди

Архивдик сүрөт. Сүрөт: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Тажикстанда кармалган үч кыргызстандык өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу 27-ноябрда УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Кыргызстандын жарандары бир күн мурда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин бошотулган. Бирок алар кандай жагдайда кармалганы белгисиз.

«Бүгүн “Кулунду” өткөрмө бекетинде тажик чек арачылары мурда кармалган Кыргызстандын үч жаранын өткөрүп беришти. Алардын бири 1-ноябрда, ал эми эки аял 12-ноябрда кармалган», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Ошондой эле, мекемеден жакын арада Тажикстанда кармалып турган дагы үч кыргызстандык да кайтарылат деп билдиришти. Ал эми кыргыз тарап коңшу өлкөнүн эки жаранын Тажикстанга өткөрүп бермей болду.

Жолугушууда Борбордук — Арка (Худжант — Канибадам) жолунун боюндагы курулуш иштерин токтотуу маселеси да талкууланды. Тажик тарап курулуш иштери жарандар тарабынан жүргүзүлгөнүн белгилеп, аны токтотуу боюнча чаралар көрүлөт деп ишендирген.

Ошондой эле иш-чарада Сүлүктү — Пролетарск темир жолунун бөлүгүн бузуу боюнча маселесин да көтөрүлүп, эки тарап Лейлек жана Ганчин райондорунун жетекчилеринин деңгээлинде жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.

Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктар

Буга чейин, 17-сентябрда, Тажикстандын күч органдары Жийделик айылынын төрт тургунун кармап кеткен. Алар: Саидахмед Артиков, Нооман Самадов, Турсунали Ташанов жана Аскар Ахмедов. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарынын кармалышына эмне себеп болгону «белгисиз» экенин маалымдаган.

Көп өтпөй Тажикстандын Башкы прокуратурасы Артиков ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Ал арада Артиковдун туугандары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышып, анын аялы жолдошу кыйноолордго кабылганын билдирген.

Кармалган кыргызстандыктыктардын туугандары минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сүйлөшүп жатышат. Сүрөт: «Азаттык»

«Менин жолдошумду айыл башчысы кылып Жийделик айлынын тургундары шайлаган. Ага чейин тажик тарап Кыргызстандын жарандарын кармап кеткенде, менин жолдошум аларды бошотууга жардам берип келген. Тажикстандын атайын кызматы аны 16-сентябрда, үйдө олтурган жеринен алып кеткен. Ошол бойдон 40 күн көрсөтүшкөн жок», — деп айтып берген ал.

Митингчилерге минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолуккан. Ал маалыматты ыйгарым укуктуу органдарга жеткирип, кыргызстандык жарандарды бошотууга колдоо көрсөтүүнү убадалаган.

Ал эми Акыйкатчынын аппараты 11-ноябрда Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозодага кайрылып, Кыргызстандын жарандарынын укугу бузуулусуна жол бербөөнү өтүнгөн.

21-октябрда болсо Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын 24 жаштагы жараны Айдарбек Хайдаровду «мыйзамсыз чек араны кесип өткөнү» үчүн кармап кетишкен. Ал атасы жашаган Тажикистандын Пахтакор районунун аймагынан кармалган.