УКМК: Тажикстанда кармалган кыргыз жаранын кайтаруу аракети жүрүп жатат

Өлкө бийлиги Тажикстандын чек ара кызматкерлери 21-октябрда кармап кеткен кыргызстандык жаранды кайтарып алуу боюнча иштеп жатканын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы 11-ноябрда кабарлады.

Чек ара кызматы кабарлагандай, 24 жаштагы Айдарбек Хайдаров мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда. Ал атасы жашаган Тажикистандын Пахтакор районунун аймагынан кармалган.

«Хайдаровду мекенине кайтаруу боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки жолу сүйлөшүү болгон. Андан тышкары, эки өлкөнүн Баткен жана Согдий облустарынын жетекчилери дагы жолугушкан», — деп билдиришти кызматтан.

Хайдаровду мекенине кайтаруу маселеси УКМКнын көзөмөлүндө турат. Чек ара кызматынан «кыргызстандыкты үйүнө кайтаруу үчүн бардык аракеттер көрүлүп» жатат деп баса белгилешти.

Баткен облусундагы куралдуу жаңжалдан кийин, үстүбүздөгү жылдын майынан тартып кыргыз тараптын демилгеси менен кыргыз-тажик чек арасындагы кыймыл убактылуу токтотулган. Анда кыргыз бийлиги чектөөлөр «көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин» күчүндө калат деп билдиришкен.

Азырынча Кыргызстанга жергиликтүү университтерде окуган тажик студенттери гана кире алышат.

Тема боюнча окуңуз: Лейлектин Максат айылынан сүрөт баян