Кыргызстандык төкмө акын Нурсултан Малдыбаев Казакстанда болгон нааразычылык акциясы жөнүндө төгүп ырдап, казак элине көңүл айтты. Ал төкмөсүн Фейсбуктагы барагына жарыялады.

«“Эки элди элдештирмек дагы, ажыратмак дагы, элчи менен ырчыда” дейт эмеспи. Мындай төңкөрүш биздин дагы башыбыздан өткөн. Мындайда жакшы жанга деп болот го. Бир тууган эл болгондон кийин, ал жерге айтышка барып сыйын көрүп жүрөбүз. Көңүл айтайын дедим», — деди Малдыбаев «Клоопко» курган маегинде.

Малдыбаев анын ыры Казакстанда кеңири тарап жатканын белгилеп, «казак туугандар аны мене атайын байланышка чыгып, ыраазычылык билдирип жатканын» кошумчалады.

Казакстандагы митинг тууралуу

Акын ырында казакстандыктар «жамандын азабын тартканын» белгилеп, жаштар митингге «чындык» деп чыкканын айтты.

Жан биргем, жакын казагым,

Жамандын тарттың азабын.

Тууганым, кыйбас казагым,

Турмуштун тарттың азабын.

Дүрбөлөң түшүп заматта,

Дүйнөнүн бурдуң назарын

Абайдан калган улуу эл,

Аман болсунчу баштары.

Чыдабай чыкты аянтка*,

Чындык деп күйгөн жаштары.

*Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүп кеткенинен улам 2022-жылдын 2-январында Мангыстау облусунун эки шаарында митингдер башталган. Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митинг уюштурушкан. 

Алар газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган.

Казакстанга ЖККУнун «тынчтык орнотуучу» күчтөрүнүн киргени тууралуу

Төкмө акын Казакстанга ЖККУнун «тынчтык орнотуучу күчтөрүн» жибергенин «орустун мазагы» катары баалап, «орустун келип басканы» казак элинин «оорусун күчөтө турганын» белгиледи.

Издедиң, чындык жасадың,

Ичинде калбас кашаанын,

Тамырым бирге сен менен,

Ал тургай бирге мазарым.

Ооруду, жүрөк сыздады,

Орустун көрүп мазагын*.

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

Оорусун кайра күчөтөр,

Орустун келип басканы*

Өлкөңдө болсун тынччылык,

Өссө экен кыргыз катмары.

Бар болсун казак боордошум,

Башынан тайбай бактары.

*ЖККУнун чечиминин алкагында Казакстанга Орусия 3000, Тажикстан 200, Армения 70, ал эми Кыргызстан 150 аскер жөнөткөн. ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь жана Орусия кирет.

Казакстандагы курмандыктар тууралуу

Кан төгүү болуп күтүүсүз,

Канчалар тапты ажалын.

Алаамат болуп заматта,

Айтылбай калды азаның.

Тазартыш кыйын адамды,

Тазараар бир күн кир деңиз.

Канчалар кетти мерт болуп*

Кара күн калсын дүйнөбүз.

*6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Расмий маалыматка ылайык, Казакстандагы митинг учурунда күч органдарынын 18 кызматкери жана 26 «куралчан адам» каза болгон. Ал эми расмий эмес маалыматтарда коңшу өлкөдөгү башаламандыктын кесепетинен 164 киши набыт болгону кабарланган. Бирок бул маалыматты Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги четке каккан.

Кыргыз, казактын боордоштугу тууралуу

Малдыбаев кыргыз-казак эли бир куштун канатындай экенин белгилеп, коңшу элде тынчтык болушун каалады.

Туудан да бийик кармайбыз,

Туугандык деген нерсени.

Ачылсын бүркөк асманы,

Алаамат болбой эртеңи.

Керемет Казакстандын,

Келе берсин кел-кели.

Акын Казакстанда болгон окуялардан улам кыргыз эли дагы «сыздап жатканын» белгилеп, коңшу элге көңүл айтты.

Пейили кенен кыргызбыз,

Кучакты кенен ачамын.

Кайрат айтып казакка,

Боорума бекем басамын.

Казакка көңүл айтабыз,

Жакынбыз башка кимге биз?

Кыргыз атынан суранам:

Казагыма тийбеңиз!

*Казакстанда нааразылык акциясы бир жумага созулду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда мажилисте (парламенттин төмөнкү палатасында) сөз сүйлөп, өлкөнүн баардык аймагында абал турукташканын айткан. Ошондой эле, Токаев ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктаганын билдирген.

Тема боюнча:

«Чал, кет!» Казак бийлиги газга болгон бааны түшүргөнү менен нааразылык акция уланып жатат

Токаев Казакстандагы окуяларды «мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети» деп атады

Кыргызстандыктар Казакстанга гуманитардык жардам чогулта баштады