Кыргызстандыктар Казакстанга гуманитардык жардам чогулта баштады

«Демилгечи жаштар борборунун» лидери Аскар Алмаз уулу Инстаграм баракчасында кыргызстандык активисттер Казакстанга гуманитардык жардам чогулта баштаганын билдирди.

«Биздин саясатчылар ким эң көп “гумжардам” деген сөздү айтуу боюнча жарышып жатканда биз — Кыргызстандын жаштары — гуманитардык жардамды жүктөп, эртең Казакстанга чыгабыз», — деди Алмаз уулу.

«Акипресс» басылмасынын маалыматы боюнча, ыктыярчылар 15 миң бөлкө нан, бир литрлик таңгактарда 15 миң литр сүт жана беш миң литр айран чогултушту.

Буга чейин кыргызстандыктар Москвадагы Домодедово аэропортунда мекенине кайта албай жаткан Казакстандын жарандарына жардам бергени кабарланган. Казакстандыктар «Осторожно, новости» басылмасына курган маегинде алардын каттамдары жылдырылганын же токтотулганын билдиришкен. Ал эми бийлик жана авиакомпания жарандарга жардам бере албастыгын айтышкан.

«[Авиакомпаниянын] өкүлү: “мен эмне кыла аламын, мен эч нерсе кыла албаймын. Казакстан чек араларын жапты, Казакстан кабыл албай жатат” деп жооп берди», — деп айтышкан аэропорттогу казакстандыктар.

Авиакаттамдардан сырткары Казакстанда бир нече күндөн бери интернет жана мобилдик байланыш иштебей жатат. Ал эми казакстандык ЖМКлар Алматы жана башка шаарлардагы азык-түлүк саткан дүкөндөрдө узун кезектер пайда болгонун кабарлашкан.

Мындан сырткары, Телеграм-каналдар түзүлүп, анда Кыргызстандагы казак жарандарына жардам берүү жолдору уюштурулуп жатат.

Казакстандагы митингдер

Казакстанда 2022-жылдын 2-январынан бери митингдер өтүүдө. Мындан улам өткөрмө пункттары убактылуу жабылган. Коңшу өлкөдөгү митингдер суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу Мангыстагу облусунда башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Демонстраттардын негизги бөлүгү 4-январдан тартып ар кайсы шаарларда нааразычылык акцияларына чыга башташкан.

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган.

ЖККУнун «тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү» кампаниясына азырынча үч мамлекет макулдугун берди — Армения (70 аскер), Тажикстан (200 аскер), Орусия (3000 аскер).

Ал эми Жогорку Кеңеш 7-январдагы жабык отурумунда Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жиберүүгө макулдугун беришти. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө 150 кыргыз аскери, 8 бронетехника жана 11 машине жөнөтүлөрүн билдирген.

Казактандын президенти Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

6-январдан тартрып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 3 811 киши кармалды. Ошондой эле 26 киши жок кылынып, 26 жарадар болгону айтылды. Мындан сырткары, 18 полиция кызматкери каза тапканы белгилүү болду.