COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болду, 465 жаңы учуру катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 12-январга карата коронавирустан эки адам каза болду, жуктуруунун 465 жаңы учуру катталды. Акыркы суткада илдеттен 97 бейтап айыгып чыкты.

  • Бишкек шаарында — 345;
  • Чүй облусунда — 60;
  • Ош облусунда — 16;
  • Жалал-Абад облусунда — 15;
  • Талас облусунда – 8;
  • Баткен облусунда — 8;
  • Ысык-Көл облусунда — 7;
  • Ош шаарында — 4;
  • Нарын облусунда – 2.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 186 878ге жетти. Өлкө боюнча 180 529 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 823 адам көз жумду.

Учурда 523 бейтап ооруканада, ал эми 1 514 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 12-январга карата 6 830 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 3 130 адам биринчи дозасын, ал эми 3 700 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.