Садыр Жапаров: Өткөн жылы бюджет бекитилген пландан 30 млрд сомго өстү

Садыр Жапаров

Кыска мөөнөттүү өргүүгө чыккан президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук барагында 2021-жылга карата мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу кенен маалымат жарыялады. Өлкө башчынын айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча бюджеттин ресурстук бөлүгү иш жүзүндө 311 млрд сомго аткарылды — бул бекитилген пландан 30 млрд сомго көп.

«Былтыр консолидацияланган, жөнөкөйлөтүп айтканда, өлкөбүздүн жалпы бюджети 281,3 миллиард сом деңгээлинде бекитилген. Республикалык бюджеттин тартыштыгынын баштапкы өлчөмү 8,5 миллиард сом деңгээлинде болжолдонгон», — деп жазды Жапаров.

Жапаров 2021-жылдын башында салык жана бажы төлөмдөрдү чогултуу планы артта калып жатканын, май айынан тарта иш-чаралар күчөтүлө баштаганын билдирди. Мындан улам август айынан тарта салык кызматы белгиленген планды 7,9 млрд сомго ашык аткарып, жалпы 104,2 млрд сом чогултту. Ал эми Бажы кызматы 46,8 млрд сом чогулткан.

«Жалпысынан, жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин салык кирешелери толугу менен аткарылып, 151 млрд сомду түздү», — деди өлкө башчы.

Ал эми салыктык эмес кирешелердин суммасы 44,7 млрд сомду түзүп, бекитилген пландан 13 млрд сомго ашык болду.

Кошумча 19,5 млрд сом кайда сарпталган?

Мындан сырткары Жапаров 2021-жылы жарандардын социалдык абалын, эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга бюджеттен кошумча 19,5 млрд сом жумшалганын кошумчалады.

Анын ичинде:

  • медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 50% жогорулатууга 1,8 млрд сом;
  • маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 200 млн сом;
  • «кызыл зонада» COVID-19га каршы иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө 1,9 млрд сомдон ашык каражат;
  • COVID-19га каршы вакциналарга 1,5 млрд сом;
  • азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, атап айтканда, буудайды, данды сатып алууга жана азык-түлүк товарларынын камылгасын толуктоого 1,9 млрд сом;
  • энергетика тармагына жаратылыш газын, электр энергиясын, мазутту сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого кошумча 3,4 млрд сом;
  • майыптыгы бар балдарга, камкорчусунан ажыраган балдарга социалдык жөлөкпулдарды жана пенсияларды 50 пайызга көбөйтүүгө болжол менен 600 млн сом.

«Мындан сырткары, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө максатында 2021-жылы 7 млрд сомдон ашуун кошумча каражат бөлүнгөн. Ал каражаттар аскер кызматчыларын социалдык жана материалдык жактан колдоого, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүүгө, ошондой эле аскер техникаларын сатып алууга багытталган. Бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бюджет аркылуу алгачкы жолу сатылып алынып олтурат», — деди Жапаров.

Президент ресурстук бөлүк жана берилген бардык милдеттенмелер аткарылганын, бул жылдык бюджет 5,6 млрд сомдук запас менен аткарылганын белгиледи.

Өткөн жылы Экономика жана финансы министринин орун басары Алмаз Бакетаев 2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 9,1 млрд сом болору болжолдонуп жатканын айткан. Ошондой эле, Бакетаев 2023-жылы бюджеттин тартыштыгы азаят — болжол менен 8,1 млрд сом. Бирок 2024-жылы 8,6 млрд сомду түзүшү мүмкүн.