Орто-Токой суу сактагычындагы участок ижарага берилген. Жакында эле балык кармагандар куулду

«СейчасKG» Телеграм-каналына балыкчылардын кайрылуусу жарыяланды. Алар белгисиз адамдар Орто-Токой суу сактагычындагы участкадан балык уулоого тыюу салганын айтышкан. Алар мындай тыюууну аталган аймак ижарага берилгени үчүн деп түшүндүрүшкөн.

Балыкчылар эмне дейт?

Балыкчылардын айтымында, алар быйыл кыш жылуу болгондуктан Орто-Токой суу сактагычына муз алдынан балык уулоо үчүн барышкан. Бирок 12-январда алар балык кармап жүргөн аймактын «кожоюнубуз» деген адамдар кууп чыгышкан.

Кайрылгандар буга чейин деле аталган аймакка ээлик кылгандар менен жолугуп жүрүшкөнүн, Суу чарба департаментине кайрылуу жөнөткөнүн кошумчалашкан. Балыкчылардын айтымында, маселени балык уулоо үчүн акы төлөө жөнүндө келишим аркылуу чечөип беребиз деп убада беришкен. Бирок маселе чечилген эмес. Аны менен бирге, балыкчылар эмне себептен суу сактагыч ижарага берилгенин түшүнбөй турушат.

Кийинчерээк Телеграм-каналда балыкчыларды кууп чыгуунун себеби башкада экени тууралуу маалымат чыккан — алар таштандыларды калтырып кетишкен.

Ошол эле учурда, суу сактагыч — ушундай эле аталыштагы Орто-Токой айылы үчүн таза суунун негизги булагы, айыл эли ушул сууну ичишет.

Айыл чарба министрлиги эмне деп жооп берди?

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы «Клоопко» балык уулоого эмне үчүн тыюу салынганын айтып берди. Алардын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы табигый жана жасалма көлдөрдөн участкаларды берүү жөнүндө жобо бар.

Документке ылайык, Балык чарба департаменти балык чарба фондунун негизги пайдалануучусу болуп саналат жана балык чарбаларын түзүү үчүн көлдөрдү аныктайт. Айыл чарба министрлигинен белгилешкендей, көлдөр же балык уулоочу участкалар конкурстук негизде он жылга чейин пайдаланууга берилет.

Мындан улам, Департамент 2021-жылдын июль айында Орто-Токой суу сактагычынан участкаларды берүүгө тендер өткөргөн. Конкурста «Орто-Токой ынтымагы» компаниясы жеңген.

Ал эми 2-августта аталган компания менен балык чарбасын өнүктүрүү жана балык өстүрүүгө пайдаланууга участка берүү боюнча келишим түзүлгөн. Келишим Балык чарба департаменти менен «Орто-Токой ынтымагынын» ортосунда түзүлгөн.

Ведомстводон «Орто-Токой ынтымагынын» ижарачылары балыктын чоңоюшун күтүп жатышат, ошондуктан балык уулоого тыюу салышкан.

Орто-Токой суу сактагычы

Орто-Токой суу сактагычы Нарын жана Ысык-Көл облустарынын чегинде жайгашкан. Орто-Токой айылынан бир нече чакырым алыста Чу дарыясында жайгашкан. Мындан тышкары суу сактагыч кооздугу менен белгилүү, ал жакка кышкысын туристтер келип турат.

Тема боюнча окуңуз: Күндүн видеосу: Муз каптаган Орто-Токой суу сактагычы