Казак чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулунун энеси бийликке кайрылды

Казакстандын чек арачылары кармап кеткен 23 жаштагы Сыймык Өмүрбек уулунун апасы бийликке кайрылды. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы жазды.

Сайттын маалыматына ылайык, Чынара Тамаева президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден уулун кайтарып келүүгө жардам сурап жатат.

Тамаева 10-январь күнү уулу Ысык-Көлдүн Түп районунун Каркыра жайлоосунда мал издеп жүрүп байкабай Казакстандын чек ара сызыгынан өтүп кеткенин айткан. Аны ошол жерден кармашкан.

Бийликтин кыргызстандыктын кармалышына реакциясы

Кыргызстандыктын коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан кармалганын 12-январда депутат Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыккан. Анда спикер Талант Мамытов Тышкы иштер министрлиги менен чек ара кызматына протоколдук тапшырма берген.

Маалыматты 13-январда УКМКнын Чек ара кызматы тастыктаган. Ведомстводон баланы бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлашкан.

Каркыра

Каркыра жайлоосу 2008-жылга чейин Кыргызстанга таандык болгон.

2009-жылы Жогорку Кеңеш Каркыра жайлоосунун бир бөлүгүн Казакстанга өткөрүү жөнүндөгү келишимди ратификациялап, бул өз кезегинде калктын калың катмарынын нааразылыгын жараткан.

«Ак-Жол» партиясы ратификацияны колдогон, ал эми «КСДП» менен «Коммунисттер партиясы» каршы добуш берген.

Ал убакта Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек ара так аныктала элек болчу.

Эки мамлекеттин ортосунда Кыргызстандын Талас облусундагы түндүк-батыш бөлүгү жана Кыргызстандын түндүк-чыгыш [Ысык-Көл облусундагы Каракыра дайрасына жакын аймак] бөлүгү талаштуу болчу. Документ ратификациялангандан кийин гранит кени жана Каракыра дайрасына жакын жердин бир бөлүнү Казакстанга өткөн. Кыргызстан жайыттарды берип, ордуна Казакстандан айдоо жерлерин алган.

«Каркыра — эң жакшы жерлер Казакстанга өтүп, анын ордуна Кыргызстанга эч кандай мааниси жок жерлер берилип калган. Талас — ошондой эле. Биз гранит кенин алдырып койдук», — деп айткан «Клоопко» «КСДП» партиясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев 2009-жылы.

Башында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимге 2001-жылдын 15-октябрында Астанада кол коюлган. Бирок жогоруда айтылган жер боюнча талаштар макулдашылган эмес. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда мыйзамдуу түрдө белгиленген чек аралар болгон эмес.

«Ак-Жол» партиясынын депутаты Зайнидин Курманов чек ара маселеси чечилиши керектигин, болбосо Кыргызстан «жерсиз калат» деп белгилеген. Депутаттардын пленардык жыйынында ал «Кыргызстандын Кытай менен гана чек арасы бар, башка мамлекетттер менен — жок, демек, Кыргызстандын аймагы жок» деп айткан.

Депутаттардын талашына карабай парламент спикери Адахан Мадумаров ошол убакта маселени добушка койгон. Парламентарийлер 2001-жылы кол коюлган өлкөлөрдүн ортосундагы чек ара аймактары тууралуу келишимдин тагдырын чечиши керек болчу.

«КСДП» менен «Коммунистер партиясы» ратификациялоого шашпоо сунушун айтканына карабастан добуш берүү башталган. Добуш берүүгө катышкан 82 депутаттын 65 макул, 14ү каршы, үчөө калыс добуш берүү менен аяктаган.