Депутат Орозайым Нарматованын атасы УКМКга сурак берип чыкты

17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын атасы Көчкөнбай Нарматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкты. Депутаттын жардамчысы Мирлан Урайымов 24.kg асылмасына Нарматованын атасы анын диплом маселеси боюнча чакырылганын тастыктады.

«Сурак эмне жөнүндө болгонун так билбейбиз. Орозайым Нарматованын атасы — жөнөкөй адам, жолугушууда гана бардыгын тушундүрүп бере алат деп ойлойм. Аны суракка бүгүн чакырышты, ал УКМКдан чыкты», – деди Урайымов.

Депутат айым атасы менен. Сүрөт: Орозайым Нарматова Фейсбук барагы.

Ага чейин Орозайым Нарматова Фейсбук барагына пост жазып, «кудайдын, ата-энесинин жана эл алдында намысына бек экенин» билдирген.

«Достор, мен эң негизгиси кудайдын, ата-энемдин жана элдин астында намысыма бек экенимди ишендирип айта алам. Колдооңуздар үчүн рахмат, бул ыплас адамдар өздөрүнүн ыпластыгы чыгып калбаш үчүн ушундай ыплас жолдорго бара берет экен», — деп жазды ал.

Ал эми УКМК азырынча Нарматованын атасынын суракка чакырылганы боюнча маалымат бере элек.

Нарматованын диплому

Орозайым Нарматова.

Буга чейин, 14-январда Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылган. Ошол эле күнү комитет «Бүтүн Кыргызстандын» депутаты Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУга) мыйзамсыз кабыл алынган фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

УКМК Нарматованын 2013-жылы орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун негизинде дароо 3-курска «мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу» маалыматты парламенттик шайлоо учурунда алганын билдирген. Мындан тышкары, атайын кызматка «Орозайым Нарматова ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берген ыктымалдыгы тууралуу да» белгилүү болгон.

«Тергөө учурунда ЖАМУда сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Орозайым Нарматова Орусиянын аймагында болгону аныкталды. Демек, Орозайым Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет», — деп айтылат маалыматта.

Шайлоо мыйзамына ылайык, жашы 25тен өйдө, жогорку билим бар адам Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Депутат Өрозайым Нарматова өзү дипломуна байланыштуу тергөө адилеттүү жүрөрүнө ишене албасын билдирген.

Депутат шайлоого эки жолу катышканын, документтеринин баары БШКнын текшерүүсүнөн өткөнүн белгилеген. Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы каралоо аракети болгонун айткан.

Анын айтымында, ал убакта «Нарматова БШКга фальсификация кылып документ тапшырды деген доомат менен «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон алып салуу аракеттери болгон».

«Ошондо да койгон дооматтары орунсуз экени далилденип, уят болушкан. Эми каралоого доо таппай, эптеп өч алуу максатында өздөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу "сындырып, уят кылабыз" дегендей сыяктанат. Андан башка себеп жок», — деп билдирген Нарматова.

Орозайым Нарматова Садыр Жапаров куугунтукталып жүргөндө анын тарапташы болчу. Ал Жапаровду чет өлкөдө жана абакта отурганда дагы колдоп жүрчү. Ал эми Садыр Жапаров бийликке келгенде активист Нарматова Жапаровдон көңүлү калганын билдирип, жүргүзгөн саясатын кескин сынга алган.

2021-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Нарматова оппозиячыл «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бирге парламентке депутат болуп келген. Аларга Жогорку Кеңештен 6 мандат тийген.

Тема боюнча:

Масалиев Нарматованын диплому боюнча үн катып, УКМКны сынга алды