Масалиев Нарматованын диплому боюнча үн катып, УКМКны сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Фейсбук барагында УКМКнын парламент депутаты Орозайым Нарматовага козгогон кылмыш ишине комментарий берди. Атайын кызмат Нарматованын жогорку билим алганы тууралуу диплому жасалма деп эсептейт.

«Көпчүлүк УКМКнын депутаты Орозайым Нарматованын “жасалма дипломуна” карата активдүү аракеттерин сынга алган билдирүүлөрдү жарыялоодо. Мен да четте турбайын», — деп жазды Масалиев эмне үчүн Нарматованын диплому боюнча кылмыш ишин козгоо туура эмес экенине аргументтерди келтирип.

«Президент армияда болгон, бирок сынак тапшырган»

Парламент депутаты «Нарматова өз убагында университетке тапшыруу үчүн бардык зарыл документтерди тапшырган жана азыр кандайдыр бир документ табылбай калса, анын күнөөсү жок» деп эсептейт. Ошондой эле ал тергөөчүлөрдүн Нарматова Москвада жүргөндө сынактарды тапшыра албайт болчу деген логикасын дагы «суу кечпейт» деп атады.

«Ал окуп, сынактарды тапшырып, курстан курска өтүп, жыйынтыктоочу экзамендерди да ийгиликтүү тапшырган. Окуунун жыйынтыктарынын негизинде ага диплом ыйгарылган. Жасалма эмес — чыныгы диплом. Тергөөчүлөрдүн ал Москвада болуп экзамен тапшыра алмак эмес деген логикасы — суу кечпейт. Мен юридикалык факультетте сырттан окуп, Ошто аскер кызматын өтөгөнмүн, демек мен да экзамен тапшыра алган эмес боломунбу? Учурдагы президент өзү да аскер кызматын өтөп, бирок экзамендерди ийгиликтүү тапшырган — ошондо бул дагы кылмышпы?» — деп жазды Масалиев.

Депутаттын айтымында, эгер адам ЖОЖдо такыр окубай туруп диплом алган болсо, ошондо диплом жасалма болот. Ал «Орозайым окуу жайда окуганын, курсташтары жана мугалимдери бар» деп жазды Масалиев.

«УКМК улуттук коопсуздукту камсыздашы керек»

Эл өкүлү чекисттер «өз ишин билип — улуттук коопсуздукту камсыздап, кимдир бирөөнүн саясий атаандаштарына каршы иштебеши керек » деп эсептейт. Анын пикиринде, «тигил же бул жаран ЖОЖдо окуп-окубаганы — чекисттердин иши эмес».

Масалиев УКМКнын тергөөчүлөрү мыйзам менен корголгон объектти — «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу фактысы боюнча тез арада кылмыш ишин козгошу керек деп дагы кошумчалады.

«Курулуш боюнча эч кандай долбоор жок туруп, мамлекеттик бекем имаратты кулатуу — бул кылмыш. Ал эми укук коргоо органдары кайсыл бир аял, кайсыл бир жерде мыйзамсыз үй куруп алганын ачыктаганы менен мактанышат! УКМКнын издөөсүндөгү киши жомоктогудай Асман шаарынын долбоорунун жетекчиси болуп дайындалды — мына ошону кармагыла, ал эмне турак жайларды мыйзамсыз курбаптырбы?!» — деп кыжырданды депутат.

Масалиев баары аралашып кеткенин — мыйзам менен мыйзамсыздык, милдет менен саткынчылык, адеп-ахлак менен абийирсиздик, жалган жана чынчылдык, «түшүнүктөр» көп орун ээлеп калды деп эсептейт.

Орозайым Нарматованын диплому

14-январда «Бүтүн Кыргызстандын» депутаты Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылган. Ошол эле күнү комитет депутат ЖАМУга мыйзамсыз кабыл алынган фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

УКМК Нарматованын 2013-жылы орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун негизинде дароо 3-курска «мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу» маалыматты парламенттик шайлоо учурунда алганын билдирген. Мындан тышкары, атайын кызматка «Орозайым Нарматова ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берген ыктымалдыгы тууралуу да» белгилүү болгон.

«Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Орозайым Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусия Федерациясында болгону аныкталды. Демек, Орозайым Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет», — деп айтылат маалыматта.

Шайлоо мыйзамына ылайык, жашы 25тен өйдө, жогорку билим бар адам Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Депутат Өрозайым Нарматова өзү дипломуна байланыштуу тергөө адилеттүү жүрөрүнө ишене албасын билдирген.

Депутат шайлоого эки жолу катышканын, документтеринин баары БШКнын текшерүүсүнөн өткөнүн белгилеген. Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы каралоо аракети болгонун айткан.Анын айтымында, ал убакта «Нарматова БШКга фальсификация кылып документ тапшырды деген доомат менен “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоодон алып салуу аракеттери болгон».

«Ошондо да койгон дооматтары орунсуз экени далилденип, уят болушкан. Эми каралоого доо таппай, эптеп өч алуу максатында өздөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу "сындырып, уят кылабыз" дегендей сыяктанат. Андан башка себеп жок», — деп билдирген Нарматова.

Орозайым Нарматова Садыр Жапаровду ал куугунтукталып жүргөндө тарапташы болчу. Ал Жапаровду чект өлкөдө жана абакта отурганда дагы колдоп жүрчү. Ал эми Садыр Жапаров бийликке келген учурда ал убакта активист Нарматова Жапаровдон көңүлү калганын билдирип, жүргүзгөн саясатын кескин сынга алган.

2021-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Нарматова оппозиячыл «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бирге парламентке депутат болуп келген. Аларга Жогорку Кеңештен 6 мандат тийген.

Тема боюнча:

«Сындырып, уят кылабыз дегендей сыяктанат». Нарматова тергөөгө ишенбейт

УКМК депутат Орозайым Нарматованы дипломун мыйзамсыз алган деп шектеп жатат

Депутат Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылды