«Сындырып, уят кылабыз дегендей сыяктанат». Нарматова тергөөгө ишенбейт

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова дипломуна байланыштуу тергөө адилеттүү жүрөрүнө ишене албасын билдирди. Буга чейин Нарматова УКМКга суракка чакыртылып, кийин атайын кызмат депутат Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алынганын айтып чыккан.

Орозайым Нарматова. Фейсбук барагынан алынды

«Буйруса тергөө адилеттүү жүрүп, чындык чыгат деген үмүттөмүн, бирок ишене албайм. Бийлик колдо турганда эмнелерди гана жасап салуу мүмкүн экендигин жалпыңыздар жакшы билесиздер», — деп жазды Нарматова Фейсбук барагында.

Депутат шайлоого эки жолу катышканын, документтеринин баары БШКнын текшерүүсүнөн өткөнүн белгиледи.

Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы каралоо аракети болгонун эскерди. Анын айтымында, ал убакта «Нарматова БШКга фальсификация кылып документ тапшырды деген доомат менен “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоодон алып салуу аракеттери болгон».

«Ошондо да койгон дооматтары орунсуз экени далилденип, уят болушкан. Эми каралоого доо таппай, эптеп өч алуу максатында өздөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу "сындырып, уят кылабыз" дегендей сыяктанат. Андан башка себеп жок», — деп билдирди Нарматова.

УКМК эмне дейт?

Күн мурун, Нарматованын суракка чакыртылганы соцтүйундөрдө кызуу талкуулана баштагандан кийин УКМК түшүндүрмө жарыялаган.

УКМКдан парламенттик шайлоо учурунда Нарматова 2013-жылы орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун негизинде дароо 3-курска «мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу» маалымат түшкөн деп билдиришкен. Мындан тышкары, атайын кызматка «Орозайым Нарматова ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берген ыктымалдыгы тууралуу да» белгилүү болгон.

УКМК бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун жана иликтөө учурунда Нарматованын ЖАМУдагы өздүк делосунда «орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталганын, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө дипломду алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт» деп билдиришти.

«Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Орозайым Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусия Федерациясында болгону аныкталды. Демек, Орозайым Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет», — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтагылар 14-январда депутат дал ушул иштин алкагында күбө катары көрсөтмө берүү үчүн суракка чакыртылганын дагы белгилешкен.

УКМК иликтөөнүн жыйынтыгы менен Нарматованы ЖАМУга кабыл алуу жана ага жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилерин билдирген

Шайлоо мыйзамына ылайык, жашы 25тен өйдө, жогорку билим бар адам Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

14-январда «Бүтүн Кыргызстандын» лидери жана депутат Адахан Мадумаров дагы суракка кирип чыккан. Эл өкүлү Башкы прокуратурада чек ара маселелери боюнча күбө катары сурак берген.

Мадумаров суракты суракты өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кысым болуп атканын билдирген.

«Алар айрым жаш депутаттарды ушундай чакырыктар менен коркутуп коёбуз деп ойлоп жатышса керек […] Бирок “Бүтүн Кыргызстандын" мүчөлөрүн коркута алышпайт деп ишенимдүү түрдө айта алам», — деген ал.

Өлкө жетекчилигин негизсиз сындоо

2021-жылдын сентябрында дагы ИИМдин кызматкерлери Орозайым Нарматованы кармап, Ош шаарынан Бишкекке суракка алуу үчүн алып келишкен. Кармоого «өлкө жетекчилигинин дарегине негизсиз сын айтканы» себеп болгон. Нарматованын үйүндө тинтүү жүрүп, сурактан кийин бошотулган.

Тергөөнүн версиясы боюнча ал «мигранттардын жана Кыргызстандын аймагында жарандардын арасында нааразычылыктарды ырбатуу үчүн» бийликке сын айткан.

Анын айтымында, милиционерлер аны коркунучтуу кылмышкер сыяктуу кармап, кол баштыгындагы гигиеналык каражаттарына чейин аңтарышкан.

Бул коомдо чоң резонанс жаратып, андан соң ИИМ жарандык активистти күбө катары суракка чакырып, андан соң бошотулганын жарыялаган.

Орозайым Нарматова Садыр Жапаровду ал куугунтукталып жүргөндө тарапташы болчу. Ал Жапаровду чект өлкөдө жана абакта отурганда дагы колдоп жүрчү. Ал эми Садыр Жапаров бийликке келген учурда ал убакта активист Нарматова Жапаровдон көңүлү калганын билдирип, жүргүзгөн саясатын кескин сынга алган.

2021-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Нарматова оппозиячыл «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бирге парламентке депутат болуп келген. Аларга Жогорку Кеңештен 6 мандат тийген.