БШК эки шайлоо округу боюнча кайра шайлоого төрт талапкерди каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов бир мандатуу шайлоо округундагы кайра шайлоого төрт талапкерди каттады.

БШКнын маалыматына ылайык, Биринчи май округунан адвокат Нурбек Токтакунов менен мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева биринчилерден болуп каттоодон өттү.

Ал эми Свердлов округу боюнча Бакыт Бакиров менен Улукбек Тургунбаевге талапкердин күбөлүгү берилди.

Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого жалпы 35 талапкер катышуу ниетин билдирген. Учурда БШК талапкерлердин арыздарын карап жатат.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2022-жылдын 27-январында аяктайт. Каттоо үчүн документтерди БШКга 2022-жылдын 30-январына чейин тапшыруу керек.

Биринчи май жана Свердлов округдарында кайрадан шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт. 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо аталган эки округда «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 15-декабрда тааныган.

Коммисиянын чечими боюнча, Жогорку Кенештин жетинчи чакырылышына 5%дык босогодон өткөн алты партиянын талапкерлери кирген. Алар 29-декабрда ант берип, депутаттык мандаттар тапшылырган.

Тема боюнча:

Жетинчи чакырылышка кимдер келет?