Коррупция боюнча кармалган бажы башчысынын тарапкерлери УКМКнын алдына митингге чыкты

Бишкекте УКМК имаратынын алдында Мамлекеттик бажы кызматынын кармалган төрагасы Адилет Кубанычбековдун тарапташтары митинг өткөрүштү. «Апрель» басылмасынын маалыматы боюнча, 70ке чукул адам чогулган. Сүрөттөн УКМК төрагасына Кубанычбековду бошотуу талабы жазылган кайрылуу плакатары бир стилде жасалганын көрүүгө болот.

Кубанычбековдун тарапташтарынын митинги. Сүрөт «Апрель».

УКМК Кубанычбеков коррупцияга шектелип 17-ноябрда кармалганын маалымдаган. Ал УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын көздөп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөнү, бажылык тариздөө мыйзамын одоно бузуу менен жүргүзүлгөнү жана такай пара алып туруу үчүн товарларды жашыруунун схемалары колдонулганы далилденди», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда, Кубанычбеков дайындалганга чейин эле бажылык башкаруу менен иштеген компания менен байланышы бар экени белгилүү болгон.

Аны менен байланышы бар «Силк Вей Терминал» компаниясы — дагы үч фирманын негиздөөчүсү болуп саналат: «Түштүк бажысын каттоо жайы», «Түндүк бажысын каттоо жайы» жана «Бажы инфтраструктурасы».

УКМКдан бажынын жетекчилиги «мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып, жеке баюу максатында» Тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн бажы кызматтарынын баасын ашыра баалаган деп билдиришти. 17-январда УКМК бул фактылар боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Адилет Кубанычбеков бажыны көпкө жетектеген жок. Ал кызматка 2021-жылдын октябрында дайындалып, бир айдан кийин эле «Азаттыкка» бажыдагы «аткезчилик толугу менен жоюлганын» билдирген.

Тема боюнча: УКМК Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду коррупцияга шектеп кармады