Кыштын жылуу болушу жакшыбы же жаманбы? Энергетика министри так айта албайт

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана депутаттар 18-январдагы парламент комитетинин отурумунда энергетикалык кризис жана жылытуу мезгилинен өтүү маселесин талкуулашты.

Бекмурзаев алгач кыштын жылуу болгонуна ыраазычылыгын билдирди, анткени электр тармагына күч келген жок. Бирок андан соң, кар жаабагандыктан Токтогул суу сактагычында суу жетишсиздик көйгөйү жаралышы мүмкүн экенин билдирди.

Жылуу кыш — бул жакшы

Парламенттин 18-январдагы отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Бекмурзаев: «Быйыл кудай жалгап кыш жагынан жардам болуп жатат. Андан тышкары, биз, өзүбүз электр энергиясын пайдаланууну тартипке келтирдик», — деп билдирди.

Кыш жылуу болгондуктан өлкөнүн энергетика тармагына болгон жүктөм азайды.

Жылуу кыш – бул жакшы эмес

Депутаттардан бир катар суроолор берилип жатты жана Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жөнүндө сөз болгондо Бекмурзаев кыш жылуу болгондуктан дефицит болушу мүмкүн экенин билдирди.

«Эгер быйыл суу маселеси ушундай болуп кете турган болсо, анда абал өтө оор болот. Мисалы былтыр суунун көлөмү да башкача болчу. Быйыл суу былтыркыдан 3млрд кубметрге аз. Биз март айына жакын “Кыргызгидрометтен” маалыматтарды алабыз. Эгер суунун агымы төмөн болсо, сиздер менен көп нерсени ойлонушубуз керек болот», — деди Бекмурзаев.

Энергетикалык кризис

Кыргызстан 2021-жылы Борбор Азия чөлкөмүндөгү суу тартыштыгынан улам электр энергиясынын каатчылыгына туш болду. Суунун тартыштыгы Кыргызстандагы электр энергиясынын негизги булагына Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө таасирин тийгизди — күз-кыш жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн жетишерлик суу топтолгон жок.

Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгынан бийлик Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттой баштады. Электр энергиясын импорттоо менен катар, бийлик колдонуучулар үчүн аны пайдаланууга чектөө орнотту.

Энергетикалык кризистин шартында Кыргызстанда өнөр жай жана коммерциялык обьектилер үчүн тарифтер жогорулаган. Жаңы тарифтер 2021-жылдын октябрь айынан тартып күчүнө кирген.