Санкт-Петербургда кыргыз жараны травматикалык тапанчадан ок жеп ооруканага түштү

Иллюстративдик сүрөт

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жаранына травматикалык тапанчадан ок тийип ооруканага түштү. Бул тууралуу 18-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Элчилик тараткан маалыматка ылайык, жабырлануучу Санкт-Петербургдагы унаа оңдоочу жайдын биринде иштейт. 16-январда кыргыз жараны менен автосервистин кардарынын ортосунда чыр чыгып, кардар тапанчадан ок чыгарган. Ок кыргызстандыктын оң жаагына тийген.

Ал эми ок чыгарган киши орус полициясы тарабынан кармалып, ага карата «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

«[...] Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөттү», — деп кошумчалашты мекемеден.

Орусиянын «Фонтанка» басылмасынын маалыматына ылайык, шектүү Санкт-Петербургдун тургуну — эки айга камакка алынды. Ал эми чырдын чыгышына ок аткан кишиге унаасынын оңдолгону жакпай калганы себеп болгон.

Акыркы маалыматтарга караганда, Орусияда 700 миң кыргызстандык эмгек мигрант катталган. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча, кыргыз мигранттардын саны 1 млнго жетет.