«Жасалма диплом». Административдик сот БШКнын Момбеков боюнча чечимин жокко чыгарды

Рыскелди Момбеков.

27-ноябрда Бишкек шаарынын административдик соту «Социал-демократтар» партиясынын талапкери Рыскелди Момбековдун каттоосун калыбына келтирди. Бул тууралуу Момбеков өзү «Азатыкка» билдирди.

«Мындан жарым саат мурда Бишкек шаардык административдик сотунун судьясы Азиз Эшалиев менин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча берген арызымды толугу менен канааттандырды. БШКнын 24-ноябрда кабыл алган чечимин жокко чыгарып, мени кайра шайлоо тизмесине киргизди. Соттун чечимин акыйкат, адилет деп эсептейм», — деди Момбеков

Буга чейин БШК 18-ноябрдагы отурумунда Рыскелди Момбековдун жогорку билимин тастыктаган «биринчи диплому жасалма, экинчи диплому мыйзамсыз алынганы» кабарланган.

Ал эми 19-ноябрда БШК талапкердин «жасалма диплому» боюнча акыркы чечимди соттун өкүмүнөн кийин кабыл алынарын чечкен. Бирок Боршайком 24-ноябрдагы отурумунда Момбековдун каттоосун жокко чыгарган.

Шайлоо мыйзамынын 59-беренесинде парламенттин депутаты «жогорку кесиптик билими бар» болушу керектиги көрсөтүлгөн. Мындай өзгөртүүлөр үстүбүздөгү жылдын август айында кабыл алынган.

Ал эми Момбеков Боршайкомдун комиссиясынын чечимине каршы сотко даттангана турганын билдирген.

Момбековдун дипломдору

Момбековдун биографиясына ылайык, ал 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Анткен менен окуу жайдан Момбеков аларда билим албаганын, ал эми 2003-жылы №196 каттоо номери менен диплом окууну Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган Михаил Стародубов аттуу бүтүрүүчүгө берилгенин маалымдашкан.

Ал эми 2011-жылы Момбеков ушул диплом менен Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияга тапшырып, 2014-жылы экинчи жогорку билимге ээ болгон. УКМК талапкер биринчи диплому жок экинчисин ала алмак эмес деп эсептейт.

Учурда бул факты боюнча «Документтердин жасалмасы» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Тергөө 2020-жылдын 5-мартында башталган. Тергөөнүн жүрүшүнө Бакыт Шаршенбиев аттуу жарандын Башкы прокуратурага берген арызы негиз болгон.

Момбековдун айтымында, анын 2003-жылкы диплому жана дипломатиялык паспорту өткөн жылдагы октябрь окуяларында «сейфинен уурдалган». Депутат бул боюнча ИИМге арыз менен кайрылганын да белгилеген.

Тема боюнча:

УКМК: Момбековдун биринчи диплому жасалма, экинчиси мыйзамсыз алынган

«Жасалма диплом» иши. БШК Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти