Кара-Балтада жол кырсыгынан бир адам каза таап, экинчиси ооруканага жеткирилди

17-январда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жол кырсыгынан бир адам каза болду, ал эми 22 жаштагы жигит жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык Пограничная жана Биринчи май көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда «Жигулинин» айдоочусу рулду башкара албай калып жолдун четинде токтоп турган сүт ташыган унааны сүзгөн.

Куткаруучулар маркумдун сөөгү ИИМге өткөрүп берилгенин жана учурда анын аты-жөнү такталып жатканын кошумчалады. Ал эми жабыркаган кишини тез жардам кызматкерлери алып кетти.

Буга чейин, өткөн жылдын 23-декабрында Нарын облусунун Кочкор районундагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болгон. Дагы бир адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. Жалпы 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Тема боюнча:

Нарын: Кубакы ашуусунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

Тез жардам бригадасы жол кырсыгына кабылды. Врач оор жаракат алды