Бийлик Терентьевдин Бишкектеги үйүн калыбына келтирүүнү дагы бир жолу убада кылды

Бийлик Пишпектин биринчи шайланган башчысы (мэри) Илья Терентьевдин шаар сыртындагы үйүн кезектеги жолу калыбына келтирүү жөнүндө убадасын айта баштады. Үй 19-кылымдын аягында салынган. Үй Тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилген.

Илья Терентьевдин үйүнүн учурдагы абалы. Сүрөт: Борбордук мамлекеттик архив; Peshcom

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы эстеликти калыбына келтирүүгө даяр демөөрчүлөр табылганын кабарлады. Алардын айтымында, оңдоп-түзөө иштери «Дордой» бирикмесинин эсебинен жүргүзүлөт. Ага болжолдуу 11 миллион сом жумшалат.

Ведомство имараттын реконструкцисы 2022-жылдын ноябрынын аягында бүткөрүлөт деп ишендирүүдө. Үйдү калыбына келтирүү долбоорунун үстүндө «Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү» илимий-изилдөө институту иштеген.

Кароосуз калган имаратты калыбына келтирүү жана бийликтин убадалары

Акыркы 20 жылда үйдү калыбына келтирүү боюнча «Бишкекбашкыархитектура», Маданият министрлиги жана башка мамлекеттик органдар көтөргөн маселе ийгилик жаратпай келген. Маданият министрлигинен «Клоопко» Терентьевдин үйүн калыбына келтирүү боюнча долбоор мурда эле даяр болгонун, бирок баары каражаттын жоктугуна такалып атканын айтышкан.

Бийлик Терентьевдин каралбай калган үйүн калыбына келтирүү тууралуу маселени 2013-жылы дагы көтөргөн. Анда реставрация долбоорунун алкагында эстеликтин айланасындагы паркты калыбына келтирүү пландалган. Парктын аймагында балдар аянтчасы, кафе, фонтан, көлмө жана отургучтарды орнотуу убадасы берилген.

Бирок бийлик мындай долбоорго каражат таба албай койгон. Алардын айтымында, бюджеттен буга акча каралган эмес болчу.

Биринчи мэрдин үйү

XIX кылымдын соңунда курулган үй шаардын түндүк бөлүгүнүн кооздугу болчу. Биринчи кабаты кыштан салынып, экинчи кабаты жыгачтан курулган. Үйдүн тегерегине бактар тигилип, кийин алар биринчи шаардык сейил бакка айланган, бирок ал дарактар азыр кыйылып кеткен.

Совет мезгилинде имараттын жанына Пионерлер үйү курулуп, Терентьевдин үйүндө өлкө таануу жана туристтик ийримдери ачылган эле. 2000-жылдын башында эстеликтердин республикалык тизмесине киргизилгенине карабастан, имарат кароосуз калган.

Илья Терентьевдин үйүнүн мурдагы / учурдагы үйү. Сүрөт: Борбордук мамлекеттик архив; Peshcom

Бишкектиктер Терентьевдин үйүнүн абалын көрүп далай эле нааразы болушкан — айрым интернет колдонуучулар аны өзөктүк куралдын жарылуусунан кийин соо калган имарат менен салыштырышкан.

Терентьев көчөлөрдү тартипке келтирип, Пишпекке шаар көрүнүшүн берүү менен өз ысымын Кыргызстандын борборунун тарыхында түбөлүккө калтырган.