«Көпчүлүгү этникалык кыргыздар». Эки миңден ашык адам жарандыкка кабыл алынды

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 21-январда Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол койгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, президент алты жарлыкка кол койду. Анын бешөө кыргыз жарандыгына кабыл алуу тууралуу. Жалпы 2 253 адамга кыргыз жарандыгы берилди — алардын 1 724ү чоңдор, 529у балдар.

«Жарандык алгандардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт», — деп жазылат билдирүүдө.

Жапаров кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, 244 адам кыргыз жарандыгынан чыгарылды. Алардын 189у чоңдор болсо, 46сы балдар.

Президенттин басма сөз кызматы Кыргызстандын жарандыгын алуу боюча жалпы 2 497 адамдан арыз келип түшкөнүн кошумчалады.

Буга чейин, 2021-жылдын октябрь айында Жапаров ушундай эле жарлыкка кол коюп, 1 207 адамга кыргыз жарандыгы берилген. Алардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар экени айтылган. Ошондой эле, 53 адам кыргыз жарандыгынан чыгарылган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Миңден ашуун адам Кыргызстандын жарандыгын алды — көпчүлүгү этникалык кыргыздар