Temirov Live: Биз эч нерсеге карабай коррупцияны иликтөөнү улантабыз

Temirov Live’тын журналисти Актилек Капаров буга чейин иликтөөчү журналист Болот Темировдун үйүндө аңдуучу каражаттар табылганын, андан сыртканы коркутуулар түшкөнүн билдирди.

Анын айтымында, мындай аракеттер журналисттерге аткаминерлердин коррупциялык схемасын аныктоого тоскоолдук жаратуу үчүн жасалган. Бирок алар иликтөө жасоону уланта беришерин айтты.

«Болот Темировду 22-январь күнү кечинде кармашты. Эки күн мурда биз УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мунай сатып акча таап атканы тууралуу иликтөө жарыялаганбыз. Биз буга чейин да Ташиевдин жакындары тууралуу бир нече иликтөө чыгарганбыз — мына анын жыйынтыгы», — деди Капаров.

Капаров Temirov Live’тын журналисттерине коркутуулар болгонун, алардын оозун жабуу үчүн ар кандай ыкмалар колдонулуп жатканын айтты. Ошондой журналист буга чейинки иликтөөлөрдү да эске салып өттү.

Өткөн жылдын 13-октябрында Temirov Live’тын журналисттери Жалал-Абаддагы кафелердин биринде официантка кол салган киши менен Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн байланышын таап чыгышкан.

Ошол эле жылдын 20-ноябрында Temirov Live’тын мамлекеттик үлүшү бар «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасына Ташиевдин бир тууган жээни Байгазы Матисаков башчы болуп дайындалганын аныкташкан.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 20-январында Temirov Live ютуб-каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Ошондой эле Актилек Капаров 2021-жылдын декабрында Темировдун үйүндөгү жатак бөлмөдө тыңшоочу каражаттар табылганын эске салды.

«Биз бул адамдар дагы эмнеге барышарын билбейбиз. Фейктерди таратып, Temirov Live’тын кызматкерлерине карата боттордун армиясын жалдап жана биздин жакындарыбызга басым жасап коюушу мүмкүн. Бирок биз муну менен алар биздин оозубузду жабууну каалап атышканын билебиз. Анткени биз мамлекеттик система канчалык коррупцияга малынып калганын ачыктап берип атабыз. Эгерде алар ушунун баарынан кийин бизди аткаминерлердин корруциялык схемасын иликтөөнү токтотушат деп ойлошсо, анда жаңылышат. Биз эч нерсеге карабай иликтөө жасоону улантабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Капаров.

Тема боюнча:

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты