«Далил таба алышпады». Митингден кийин кармалган эки активист бошотулду

Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду колдоо митингинен кийин милиция эки жаран кармалганы белгилүү болду. Бул тууралуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Фейсбук барагында жазып чыкты.

Салянованын айтымында, милиция митингге журналист менен акынды колдоп чыккан Нургазы Шайлообеков жана Айбек Назаркулов аттуу жарандарды кармаган.

Аида Салянованын Фейсбук барагынын скриншоту.

«Митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп сабап милиция кызматкерлери Фучикдеги бөлүмүнө алып кетишиптир. Муну кандай түшүнсөк болот?!» — деп суроо салды Салянова.

Шайлообеков өзү да Фейсбук барагында белгисиз жигитти сабаган деген айып менен кармап кетишкенин тастыктады. Анын айтымында, арыз жазган кишинин байкеси милиционерлер менен иштешкендиктен, инисин дарылатуу үчүн алардан акча доолаган.

«Ошончо элдин арасынан бир бейтааныш жигит догурунуп, карматып кетишти. Ал жигиттин байкеси шаардык милиция бөлүмүндө органдар менен иштешет экен, утка экен. Инимди уруп коюптурсуң деп догурунуп, дарылатасың деп акча талап кылышты. Ал баланы мен эле эмес, башкалар да чекеге чертпегени көрүнүп турат, бир да далил таба алышпады», — деп түшүндүрдү Шайлообеков.

Нургазы Шайлобековдун Фейсбук барагынын скриншоту.

Милиция эмне дейт?

Ленин РИИБнин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына Шайлообеков менен Наразкулов Т.С. аттуу кишинин арызынын негизинде кармалганын билдиришти.

Арыз жазган киши аны Шайлообеков менен Назаркулов сабап, алардан качып баратып милициядан жардам сураганын айтып берген. Жыйынтыгында алардын баары Ленин РИИБге жеткирилип, ал эми кармоо маалыматтар каттоо журналына киргизилген.

Бирок милиция бөлүмүнө жеткирилгенде Шайлообеков менен Назаркуловдун үстүнөн даттанган киши арыз жазуудан жана медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

Милиция эки тараптан тең түшүндүрмө кат алып, аларды бошоткон. Бирок иш боюнча текшерүүлөр уланып жатканын кошумчалашты.

Темиров менен Назаровдун кармалышы

Төкмө акын Болот Назаров 22-январда Жумабек жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган. Милиция кызматкерлери төкмө акындын жанынан полителен баштыктагы гашиш табылганын билдирген. Бишкекте ШИИБдин алдында акынды колдоо митинги өткөн. Митингге катышкандардын арасында төкмө акындар да болгон, алар комуз менен бийликтин чектен чыгуусу жана Болот Назаров менен Болот Темировдун кармалышы тууралуу ырдашкан.

Акындар 22-январда өз кеңсесинен кармалган иликтөөчү журналист Болот Темировду да колдоп ырдашкан. Анда журналисттер менен активисттер күч кызматкерлери Темировдун кеңсесине кирип, эркектердин баарын жерге жаткырышканын билдиришкен. Андан соң күч кызматкерлери Темировдуку деп чөнтөгүнөн баңгизат алып чыгышкан.

Темиров өзү ага «атайын баңгизат салып коюшканын» жана компьютерлерин алып кетишкенин айтып кыйкырган. 23-январда журналист эч кайда кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган.