Кант: Тез жардам унаасы «Лексус» менен кагышып, оодарылып кетти

24-январда Чүй облусунун Кант шаарында Lexus 470 үлгүсүндөгү жолтандабас менен тез жардам унаасы кагышты. Бул тууралуу Чүй ШИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматында, кырсык эртең мененки саат 08:30дар чамасында болгон.

«Тез жардам кызматынын унаасы үн чыгарган сигналын күйгүзүп бара жаткан, бирок жол кесилишине жеткенде маңдайынан жол тандабас чыга калып сүзгөн», — деп билдиришти Чүй ШИИБден.

Жол кырсыгынан тез жардам унаасындагы айдоочу жана фельдшер жабыркаган. Милиция авариянын чоо-жайын аныктоодо, ал эми унаалар айып короого токтотулду.

Тез жардам унаасы катышкан акыркы жол кырсыктарынын бири 2021-жылдын декабрында катталган. Анда Бишкекте тез жардам унаасы Subaru үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Ага чейин бир апта мурда тез жардам кызматынын балдар бригадасынын унаасы жол кырсыгына учураган. Ыкчам тез жардам борборунун маалыматында, рулдагы айдоочу уктап кетип бакты сүзгөн. Натыйжада бригаданын дарыгеринин бел омурткалары сынган.