KEGOC: Алматы шаарында электр энергиясын берүү калыбына келтирилди

Сүрөт: Tengrinews.kz басылмасы

Казакстандын Алматы шаары жана облусу электр энергияга туташтырылды. Бул тууралуу «Казакстандын электр тармактарын башкаруу компаниясы» акционердик коомунан (KEGOC) «Спутник-Казакстан» басылмасына билдиришти.

«Саат 13:39да 500 киловаттык “Түндүк — Чыгыш — Түштүк Казакстан” бардык транзиттик линияларына электр энергиясы берилди. Алматы энергетикалык түйүнү толугу менен иштей баштады», — деп билдиришти KEGOC’тон.

25-январда саат 12:00 чамасында Кыргызстандын көпчүлүк аймагында, Казакстандын түштүгүндө жана Өзбекстандын Ташкент шаарында электр энергиясы өчкөн.

Алгач Өзбекстандын энергетика министрлигинин басма сөз кызматы өлкөнүн энергосистемасында саат 11:00 чамасында ири авария катталганын кабарлаган. Көп өтпөй өзбек бийлиги энергиянын өчүрүлүшүнө Казакстандагы авария себеп болгонун билдирген.

Ал эми казак бийлиги бул маалыматты четке кагып, өчүрүүлөр Кыргызстан жана Өзбекстандын энергетикалык системасындагы дисбаланстан улам болгонун кабарлады.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын аймагында авария катталбаганын билдирди.

Учурда Бишкек шаарында жана Кыргызстандын айрым аймактарында электр энергиясы калыбына келтирилип баштаганы кабарланды. Саат 13:43тө Чүй менен Жалал-Абад облустарына да электр энергиясы берилгени белгилүү болду.

Энергетиктер кыргызстандыктарды электр жабдууларын электр энергиясы берилгенде күйүп кетпеши үчүн токтон сууруп тууруну суранышууда. Алар тиричилик техникаларын электр энергиясы толугу менен бир калып калыпка түшкөндө гана туташтыруу керектигин белгилешет.