«Артымдын тешигин аңдыгыча, акылын бир экчесе». Болот Назаров УКМКга кайрылды

Баңгизатын колдонууга айыпталып жаткан төкмө акын Болот Назаров коомчулукка ыр түрүндө кайрылуу жасады. Анда Назаров УКМКга кайрылып, аңдууларды жана тыңшоолорду уюштуруунун ордуна өлкөдөгү маанилүү маселелерге көңүл бурууга чакырды.

Биз менен УКМК тирешкиче,

Бир далай олку жерин иреттесе,

Артымдагы артымдын тешигин аңдыгыча,

Акылын бир экчесе.

Улуттун коопсуздук кызматына,

Улуу эл тапшырды эле эсендигин,

Укуругуң узун кезде унутпагын,

Ушалай аламын деп, неченди — миң.

Көчүк аңдып жүргөнүңөр айтып турат,

Көчүккө да айланып кетерлигиң.

Бир эмес, бир нече ирет далилдедиң,

Беделиңер белден ылдый экендигин.

Ошондой эле Назаров чыгармасында атайын кызмат «кубалашмай ойноп жүргөнүн» айтып сындады.

Кумтөрдүн куму менен уусу калды,

Кубалашмай ойноп жүрсөң сен биякта.

Жетим-Тоо да желкесин ийген атат.

Жерин сактап калуучу эл каякта?

Жеримди кесип саттың ар тарапка,

Белекке да бердиң жерди капкаякка.

Учуп баратам туманда «смог» деген,

Учкан туфта, конууга жер каякта?

Төкмө акын «бульбулятор менен уюштурулган театрдын» артында «агент кыз» турарын баса белгиледи.

Мени сүйүп-күйүп жүргөн «агент кызың»,

Минтерин билбептирмин бир күн акыр.

Өзүңөр чыгарган бульбулятор,

Өзүнчө эле болду го бир театр.

Сунуштаган кызыңар атын айткан,

Бульбулятор эмес ал күлкүлятор.

Назаров «секс анын жеке жашоосу» экенин белгилеп, ал үчүн кайгы чекпей турганын айтты. Ошондой эле, бийликтин «сындырабыз» дегенине карабай, алардын ишмердүүлүгү уланарын билдирди.

Сындырабыз дейсиңер,

Сынбайбыз, артка кетпейбиз.

Секс бул жеке жашообуз,

«Семь секунд» кайгы чекпейбиз.

Силерди тартып алат деп,

Эми сийерде да эстейбиз.

Буга чейин, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин тарапташы бир кыз бульбулятордо белгисиз зат даярдап, Назаровго чектирип жатканы тартылган видео чыгарган. Окуя эки тараптан тартылган. Бул видеону Садыр Жапаровдун дагы тарапташы бөлүшүп, ошол эле күнү кайра өчүрүп салышкан.

Кийин соцалдык тармактарда фейк колдонуучулар тарабынан Болот Назаров менен Болот Темиров жана басылманын кызматкери тууралуу бир нече видео жарыяланган. Андагы кадрлар аңдуу жана тыңшоо жолу менен жашыруун камерага тартылганын көрүүгө болот.

Ал эми Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында УКМКны Temirov Live’дин журналисттерин куугунтуктоого багытталган ыкмалары үчүн сынга алган.

«А бирок журналисттерге басмырлоо кылып, жеке жашоону тартып, видео тасманы чыгарып, биз ошол деңгээлге түшпөсөк. Чындыгында УКМК өтө уят эле болуп атат. Ошондуктан мен ушул бийликте болгон УКМК, Башкы прокуратурага айтат элем, кичине цивилдүү ыкма менен [иштесек]», — деген парламент депутаты.

Төкмө акын жана журналисттин кармалышы

Милиция кызматкерлери 22-январда төкмө акын Болот Назаровду кармап, жанынан полиэтилен баштыктагы гашиш табылганын билдирген.

Ошол эле күнү Бишкек шаардык баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине бастырып кирип, кызматкерлердин баарын жерге жаткырып, тинтүү жүргүзгөн. Temirov Live’дин журналисти милиционерлер Темировду полго жаткызып, чөнтөгүнөн белгисиз бир зат алып чыгышканын айткан.

Аталган күнү милиционерлер Temirov Live’дин кеңесесиндеги техникалык жабдууларды, процессорлорду жана айрым документтерди алып чыгып кетишкен.

Кийин Темировдун колун кайрып, кишендеп наркология бөлүмүнө жеткиришкен. Анын организиминен баңгизат табылган эмес. Экспертиза бүткөндөн кийин иликтөөчү журналист милиционерлер анын чөнтөгүнө «полиэтилен баштыкчада жашыл зат салып коюшканын» билдирген.

Назаров менен Темиров кармалгандан кийин 23-январда Бишкек ШИИБдин имаратынын алдында митинг өтүп, активсттер менен журналисттер акын менен журналистти бошотууну талап кылышкан.

Ал жерге Назаровду колдогон акындар да келип, милициянын «чектен чыгуусу» тууралуу төгүп ырдашкан. Кийин журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган.

Экөө тең УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланышы бар компаниялар тууралуу иликтөө чыккандан кийин кармалган.