COVID-19: Акыркы суткада төрт киши каза болду, 370 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 26-январга карата коронавирустан төрт адам каза болду, жуктуруунун 370 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 243;
  • Чүй облусунда — 71;
  • Жалал-Абад облусунда — 18;
  • Баткен облусунда — 15;
  • Ысык-Көл облусунда — 11;
  • Нарын облусунда — 5
  • Ош облусу — 4;
  • Ош шаарында — 2;
  • Талас облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 196 602ге жетти. Өлкө боюнча 184 538 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 858 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 510 бейтап айыгып чыкты. Учурда 1 118 бейтап ооруканада, ал эми 6 583 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 26-январга карата 7 369 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 3 876 адам биринчи дозасын, 805 киши экинчи дозасын, ал эми 2 688 адам бустердик доза алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.