Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси болуп дайындалды

Улукбек Марипов.

Минкабдын мурдагы башчысы Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Арабия Падышачылыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 25-январда кол койду.

Күн мурун Мариповдун бул кызматка талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети жактырган. Анын талапкердиги үчүн курамына 13 депутат кирген Комитеттин бардык мүчөсү добуш берген.

Аталган өлкөдө узак убакыттан бери Кыргызстандын элчиси дайындала элек болчу. Акыркы жолу бул кызматты Абдилатиф Жумабаев аркалаган.

Улукбек Марипов — Кыргызстандын министрлер кабинетинин экс-башчысы. Бул кызматта 2021-жылдын февралынан тартып октябрга чейин иштеген. Аны Садыр Жапаров кызматынан бошотуп, министрлер кабинетин отставкага кетирген.

Дагы окуңуз: Видео: Улукбек Марипов элге видео кайрылуу жасап коштошту