Парламент комитети Мариповдун талапкерлигин Сауд Арабиядагы элчилик кызматка жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 24-январда минкабдын мурдагы төрагасы Улукбек Мариповдун талапкердигин Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси кызматына жактырды. Анын талапкердиги үчүн курамына 13 депутат кирген Комитеттин бардык мүчөсү добуш берди.

Аталган өлкөдө узак убакыттан бери Кыргызстандын элчиси дайындала элек болчу. Акыркы жолу бул кызматты Абдилатиф Жумабаев аркалаган.

Улукбек Марипов — Кыргызстандын министрлер кабинетинин экс-башчысы. Бул кызматта 2021-жылдын февралынан тартып октябрга чейин иштеген. Аны Садыр Жапаров кызматынан бошотуп, министрлер кабинетин отставкага кетирген.

Дагы окуңуз: Видео: Улукбек Марипов элге видео кайрылуу жасап коштошту