Акыркы суткада коронавирустан төрт киши каза болду, 497 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 27-январга карата коронавирустан төрт адам каза болду, жуктуруунун 479 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 289;
  • Чүй облусунда — 101;
  • Жалал-Абад облусунда — 22;
  • Ош облусу — 18;
  • Баткен облусунда — 16;
  • Ысык-Көл облусунда — 16;
  • Талас облусунда — 8;
  • Ош шаарында — 7;
  • Нарын облусунда — 2.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 197 081ге жетти. Өлкө боюнча 185 167 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 862 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 629 бейтап айыгып чыкты. Учурда 1 044 бейтап ооруканада, ал эми 6 501 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.