Баткен: Чек арадагы кырдаалдан улам алты айылда электр жарыгы өчтү

Иллюстративдик сүрөт

«Ош Электр» ишканасынын басма сөз кызматы чек арадагы кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук жана Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калганын билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен райондук электр тармактарына караштуу Самаркандек көмөкчү чордонундагы Орто-Боз аба чубалгысы үзүлүп кеткен.

«Азыркы кырдаалга байланыштуу оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Кырдаал турукташканда Баткен РЭТинин кызматкерлери аба чубалгыны оңдоп, үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр», — деп жазылат билдирүүдө.

Ишканадан Баткен облусунун башка аймактарында өчүрүүлө катталбаганы белгилешти. Райондук электр тармактар ишканалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканы айтылды.

Чек арадагы ок атышуу

Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы Баткен — Исфана авто жолунун Төрт-Көчө аймагындагы тилке саат 17:30дан 18:00ге чейин Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулганын маалымдады. Ага чейин жолго тажик жарандары таш төгүшкөнүн билдиришти.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

Тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан. Ошондон кийин

Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында ок атышуу башталган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тажик тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын маалымдашты. Учурда абал чыңалуу бойдон калууда, чек ара отряддары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Ок атышуу башталгандан кийин Баткен облусунун чек арага чектеш Орто-Боз, Көк-Терек, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарынын тургундары үйлөрүн өз алдынча таштап кетип башташкан.

Учурда жергиликтүү бийлик чек ара чектеш айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Кырдаалга байланыштуу облустук штаб да түзүлдү.

Ал эми президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев жаңжалга чейин Тажикстан макулдашпай чек арага жакын аймакта курулуш иштерин баштаганын билдирди.

«Күч түзүмдөрү барып эскертүү берип, “тынч жаткан элди дүрбөлөңгө салбай, чагымчылдыккка барбай токтотуп тургула” деген эскертүүсүнө баш ийбей уланта баштаган. Ошол жерде жашаган эл жолго чыгып жолду тосуп алган», — деп түшүндүрдү ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү: Облустук штаб түзүлүп, эвакуация башталды

Чек ара кызматы: Тажик тарап миномёт жана гранатомёт колдонуп жатат

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу