Баткен: Чек арадагы кырдаалдан улам үзүлгөн электр чубалгылары калыбына келтирилди

Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдарындагы электр чубалгылар калыбына келтирилип, тургундарга электр энергиясы берилди. Бул тууралуу 28-январда Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чек арадагы ок атышуудан улам 27-январда Баткендин Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук жана Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калган. Энергетика министрлигинен буга тажик тараптан ок атылганы себеп болгонун билдиришти.

«“Орто-Боз” көмөк чордону ишке киргенин кабарлайбыз. “Ош электронун” кызматкерлери алдыга коюлган тапшырманы так, ыкчам аткарышты», — деп берилет министрликтин маалыматында.

Электриктердин коопсуздугун Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери камсыздаган.

«Азыркы күндө эки тараптын тең адистери ошол жерлерде электр энергияларын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери эки элдин адистеринин коопсуздугун камсыздап, жеринде иш алып барууда», — деп билдиришти Баткен ОИИБден.

Чек ара жаңжалы

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагындагы чек ара жаңжалы 27-январда болгон. Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы алгач тажик жарандары Төрт-Көчө аймагына таш төгүп, Баткен — Исфана автожолун жарым саатка тосуп алганын билдирген. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөнү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

Чек ара кызматы билдиргендей, эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаган. Андан соң тажик аскерлери Төрт-Көчө аймагында кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжал 27-январда болжолдуу саат 17:20да Кыргызстандын Баткен облусунун Аксай айылдык кеңешинин тургундарынан турган 50 адамдын белгисиз тобу Ходжаи-Аъло калктуу пунктунун аймагындагы көпүрөдө тажик жаранын «Портер» үлгүсүндөгү унаасын мажбурлап токтоткондуктан башталганын билдирди.

Ошондой кыргыз тарап жолгушууга келгендин ордуна Тажикстандын «жай тургундарына өздөрүнүн ок атуу куралдары менен ок чыгарышкан» деп маалымдайт.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы аталган окуя чагымчылдык мүнөзгө ээ экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөрүн билдиришкен. Кыргызстандын Чек ара кызматы «эки тараптын жарандары жабыркаган кагылышуунун тажик тарап атайылап уюштурду» деп белгилеген.

Ошол эле маалда Тажикстандын чек арачылары «кыргыз тарап ок атууну токтотпой, учкучсуз учуучу учактарды колдонуп Тажикстандын аба мейкиндигин бузду» деп билдирген.

Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы бул айыптоого Тажикстан «маалыматты бурмалап жатат» деп жооп кылды. Ошондой эле Тажикстандын чек арачылары өлкөнүн аймагында чалгындоо жүргүүзүү максатында акыркы учурда учкучсуз аппараттарды колдонуп жүргөнүн билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматы акыркы убакта кыргыз-тажик чек арасында «чагымчылдык көбөйгөнүн» белгиледи. Мекемеден «тажик бийлиги кырдаалды турукташтыруунун ордуна анын күчөшүнө салым кошкон» деп эсептейт.

Түндө Чек ара кызматы Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунудагы жолугушуу аяктап, анын жыйынтыгы менен ок атууну токтотуу макулдашылганын кабарлаган.

28-январь эртең менен Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экени маалымдалды. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдын таңына карата Баткен облустук ооруканасына чек арадагы ок атууда жабыркаган 11 адам жаткырылганын маалымдады. Түрдүү жараат алган жарандардын абалы орточо деп бааланууда.

28-январда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан Баткен облусуна барды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чек арадагы чырга байланыштуу «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.