«Сол буту тизесинен сынган». Ошто мектеп директору 8-класстын окуучусун сабоого шектелүүдө

Оштун Кара-Суу районунун Алишер Навои атындагы № 83 мектептин директору окуучуну ур-токмокко алып, анын кесепетинен баланын буту сынган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 29-январда кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-января милицияга Кашкар-Кыштак айыл аймагынын тургуну кайрылып, аталган мектептин директору анын 15 жаштагы баласын сабаганын билдирген. Ош ОИИБден окуя 26-январда саат 12:30дарда болгонун жана директор дене тарбия мугалими болуп иштегенин такташты.

Анын кесепетинен өспүрүмдүн сол буту тизе жагынан сынганы аныкталган.

Териштирүү маалында «Т.А.» атуу мектеп окуучусу милицияга дене тарбия мугалимине «буттары ооруп, сабакка катыша албастыгын айтканда, мугалим аны сабап салганын» айтып берген. Жабырлануучу аны классташтары үйүнө жеткизип барганын кошумчалаган.

Облустук милиция күбөлөр дагы ушундай эле көрсөтмө беришкенин белгиледи.

«Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошонун негизинде кайсы берене боюнча кылмыш иши козголоору чечилет», — деп билдиришти Ош ОИИБден.

Бирок жабырлануучунун жакындары милиция бул ишти «жаап салууга аракет кылып жатат» деп эсептейт. Алардын айтымында, окуучуну сабоого шектелген мугалим «ортого туугандарын салып» экинчи тарап менен жарашууга аракет жасоодо.

«Милиция да бул ишти башка жеңил берене менен каттап жатыптыр. Биз эми башка балдардан да кооптонуудабыз. Директорго мыйзам чегинде чара көрүп, кызмат ордун да караш керек. Ал башка окуучуларды да дене тарбия сабагында ашыкча кыйнайт экен», — деп өспүрүмдүн жакындары «Турмуш» басылмасына айтып берген.

Буга чейин, 21-январда Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиясында иштеген тарых сабагынын мугалими менен 8-класстын окуучусунун ортосунда жаңжал чыккан. Инцидентти мектеп окуучулары тартып алып, видео соцтүйүндөргө тарап кеткен. Чырдан кийин мугалим өз ыктыяры менен арыз жазып, жумушунан кеткен.

Тема боюнча:

Лебединовкада мектеп окуучусун сабоого айыпталган мугалим жумушунан бошоду