Адам өлтүрүүгө шектелип 11 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Москвада кармалды

Адам өлтүрүүгө шектелип 11 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Москвада кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 31-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, 2010-жылдын 17-июнунда Ош облусунун Араван райондук милициясына Дадахан айылынын пахта талаасында азиат түспөлүндөгү, 25-30 жаштардагы белгисиз аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Алгач милиция кызматкерлери аял 2010-жылдагы июнь окуясынын кесепетинен каза болгон деп ойлошкон, бирок кийин кылмыштын башка жагдайлары аныкталган.

Сөөктү кароо учурунда каза болгон аял башынан жаракат алганы, колу-бети жабыркаганы аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза маркумдун баш сөөгү, кабыргалары сынган деген жыйынтык чыгарган.

Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын каттоо башкармалыгынын кызматкери 1980-жылы туулган Алия Темирбаева болгон.

Маалым болгондой, 2010-жылдын май айында айрым криминалдык элементтер анын батир алуу максатында ири суммадагы акчасы бар экенин аныкташкан.

«2010-жылдын 10-июнунда белгисиз адамдар аялды ээн жерге алдап алып кетишкен. Ал жерден ага кол салышкан: физикалык күч колдонуп, электрошокер менен коркутуп, 10 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан. Опузалап талап кылгандар көздөгөнүнө жетпей, алтын-күмүш буюмдарын алып кетип, аялды өлтүрүп, сөөгүн Кара-Суу районундагы каналга ыргытышкан», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Ички иштер министрлиги аялдын сөөгү бир жумадан кийин 2010-жылдын 17-июнунда табылганын билдирди.

Кылмышка тиешеси бар адамдар кармалып, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган. Бирок өлтүргөндөрдүн бири качып кетүүгө үлгүрүп, эл аралык издөөгө алынган.

Бир күн мурун, 2022-жылдын январында Араван РИИБи Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө издөөдө жүргөн жарандын мүмкүн болгон жери тууралуу маалымат берген. Натыйжада 2022-жылдын 21-январында издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган Айтиев Тилек аттуу жаран кармалган.

Кармалган шектүү.

Москва райондук сотунун чечиминин негизинде кармалган жаран СИЗОго киргизилген. Аны экстрадициялоо маселеси каралууда.